Чүй облусундагы №43 кесиптик лицейде кулпунайды күнөсканаларда өстүрүү ишин башташты. Буга чейин талаада тигилген кулпунайдын мурутчаларын кышка кунөсканаларга отургузуу пландалууда. Учурда «Айыл чарба өндүрүшүнүн устаттары» кесибинин мастерлери жана окуучулары күнөсканага кулпунай өстүрүү менен алектенүүдө
Кесиптик лицейдин устаты Кайнарбек Касмалиев
«Кышында күнөсканада кулпунай өстүрүү үчүн эң алгач ыңгайлуу шарттарын түзүп алган оң. Кулпунайдын көчөттөрүн күнөсканада отургузууда жакшы жер менен камсыз кылынышы керек жана жетиштүү жарык берүү жана аба алуу мүмкүнчүлүгү керек. Сугаруу режимин үзгүлтүккө учуратпай, азыктандыруу режимин байкоо керек», — деди фермер Кайнабек Касмалиев.
№43-кесиптик лицейдин күнөсканасы
Күнөскананын ички көрүнүшу. Кулпунайдын көчөттөрүн даярдоо
Турсун Омуралиева