Жаңы-Жер айылындагы №43-кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучулар ашпозчу кесибинде окушат. Алар бул кесипти өз ыктыяры менен тандап алышкан. Кесиптик лицейде көп жылдан бери эмгектенген Зейнеп Бекбоева өндүрүштүк практикалык окуу сабагында окуучуларга колдоруна бычак кармоону үйрөтүүдөн баштап, жеңил тамактарды даярдоону үйрөтөт.
Ашпозчу кесибинде окуган балдар лицейдин директору, устаттары менен
Жашоо көндүмдөрүнө үйрөтүүдөн эрикпеген, жоопкерчиликтүү устат Зейнеп Бекбоева балдар менен иштешүүнүн ар кандай жолдору менен бөлүштү. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ийгиликтүү социалдашуусунун жана коомдук жашоосунун эң маанилүү фактору — аларга билим берүү болуп саналат. «Ашпозчу» кесибине ээ болуу маанилүү маселе жана өзүн-өзү ишке ашыруунун эң эффективдүү жолдорунун бири, ошондуктан ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кесипке багыттоо устаттардын эң маанилүү милдети болуп саналат.
№43 -кесиптики лицейдин устаты Зейнеп Бекбоева
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кесипке үйрөтүү менен алектенүүдөн мурун, алардын ооруларынын спецификасын үйрөнүү зарыл. Анткени, ден соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдардын кесипке багыт алуудагы эң чоң кыйынчылыгы ушунда. Аларды кесипке үйрөтүү иши жекече болушу керек.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иш жүргүзүүдө атайын оюндар катары, көргөзмөлөр, ачык күндөр сыяктуу өткөн оң. Негизи кесиптерди үйрөнүүнүн дагы көптөгөн жолдору бар. Мисалга, бош орундардын жарманкелери, презентациялар, эксперттер менен жолугушуулар.
Турсун Омуралиева