Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сүт өндүрүү боюнча фермерлердин аракеттерин бириктирүү максатында «Cүт-Көл» кооперативи түзүлдү. Бул 2022-жылы Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фонду (ИФАД) тарабынан каржылаган «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун көмөгү менен ишке ашырылууда. Максаты — породаларды жана малдын продуктуулугун жакшыртуу, жеке тоют өндүрүүнү уюштуруу жолу менен фермерлердин кирешелерин көбөйтүү.
«Cүт-Көл» Кооперативдик бирикме «Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоорунун конкурстук программасына катышып, 71 800 АКШ доллары өлчөмүндө гранттык жардам алган. Кооперативдин бизнес-планынын бюджетинин кеминде 20% өлчөмүндө өзүн-өзү каржылоо милдеттүү шарт болгон. «Cүт-Көл» кооперативи өзүнүн өнүгүүсүнө 18 000 АКШ доллар өлчөмүндө салым кошту. Аталган айыл чарба коммерциялык кооперативинин жетекчиси — Гүлбарчын Шырдакова келечектеги пландары менен бөлүштү.
“Биз малдарды койгонго атайын бардык талаптарга жооп берген стандарт сарай салууну пландап жатабыз. Ал жерде атайын өзүбүздүн кеңсе болот, малчынын үйү, жем сактаган жайлар курулат. Бардык шартты курганга аракет кылып жатабыз. Каражат дагы бөлүнгөн”.
«Cүт-Көл» кооперативинин жетекчиси Гүлбарчын Шырдакова
Сүт жеткирүү үчүн кооператив «Агрокен» ЖЧКсы менен келишим түздү. Бул кайра иштетүүчү ишкана долбоордун алкагында түзүлгөн кошумча нарк чынжырчасындагы жетектөөчү уюм болуп саналат. Кайра иштетүүчү ишкана жана кооперативдин ортосундагы кызматташтык өз ара пайдалуу болуп саналат: «Агрокен» сырьенун туруктуу жеткирүүчүсүнө, ал эми «Cүт-Көл» продукцияны жакшы баада сатып алуучуга ээ болууда.
«Рынокторго чыгууну камсыздоо» долбоору аркылуу алынган техникалык каражат
Кооператив ар биринде кеминде 5 бодо малы бар 12 фермерден турат. Фермерлердин негизги көйгөйү — сүттүн рентабелдүүлүгүнүн төмөндүгү, мында чийки затты сатуудан түшкөн киреше тоют сатып алууга кеткен чыгымдардан аз. Буга байланыштуу кооператив тоютту өз алдынча өндүрүүгө негизги басым жасап, долбоордун гранттык каражаттарына жер иштетүү, тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү жана кайра иштетүү үчүн ар кандай айыл чарба техникаларын сатып алды.
Финансылык жардамдан тышкары кооперативдин мүчөлөрү тоюттун сапатын жакшыртуу, атап айтканда силос даярдоо технологиясы, финансылык сабаттуулук, бухгалтердик эсептин негиздери, кооперативди башкаруу жана башка темалар боюнча долбоордун тренингдерине катышышты.
Айгерим Кубатбекова