Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна караштуу Кызыл-Туу айылындагы №4 Н.Бримкулов атындагы инновациялык мектеп-гимназиясынын география сабагынын мугалими Перизат Касымова балдарга экологиялык билимдерди берүү маанилүү экенине кошулат. Ошондой эле окуучулар аркылуу аларды жайылтуу натыйжалуу экенин айтат.
Перизат Касымова Чычкан капчыгайына эс алганы, ден-соолук чыңдаганы көп баргандыктан ал жердеги терс экологиялык көйгөйлөр тынчын алып келгенин айтат. Ошондуктан бул маселени «Чычкан капчыгайынын башкаруусун жакшыртуу» долбоору аркылуу чечкенге аракет кылып жатышат.
Перизат Касымова «Чычкан капчыгайынын башкаруусун жакшыртуу» долбоору аркылуу эко-билимдер берилип, ал билимдер практика жүзүндө дагы болуп жатканын айтат.
“7-8 жылдан бери экология сабагы жоюлуп, сааттардын кыскарып кеткенине байланыштуу мамлекет берген программадан чыга албай балдарга экология боюнча көп басым жасай албай келгем. Бул долбоорго катышып балдардын экологиялык билимдерин арттырганга салымыбызды кошуп келебиз. Долбоордун алкагында, бир класс кабинет компьютердик технология менен камсыз болду. Анын ичинде компьютер, проектор, түстүү принтер, проектор үчүн экран берилди. Биз мектептин активист балдары менен чогуу иштешип, акцияларга, тренингдерге активдүү катышып, өзүбүз да уюштуруп маалымат таркатабыз. Буклеттер, слайддар, чакан видео роликтер аркылуу маалымат ата энелерге да таратылат. Активист балдардан тышкары мектептин өзүн өзү башкаруу уюмдары да бар, алар менен да тыгыз байланыштуу иш алып барабыз”.
Окуучуларга эко-билимдердин маанилүүлүгүн түшүндүрүп алуу, иштин алга жылышына жол ачат. Анткени учурда балдар эко иш-чараларга активдүү катышып жатышкандарын, баса белгилейт география мугалими Перизат Касымова.
“Жалпы республикалык тестирлөөдө бар предметтерге басым жасалып, киийнки сабактар акыркы орундарга коюлуп жатты. Ошол себептен балдар мага экология, география кереги жок, дарыгер же башка кесипти аркалайм деген пикирлерин айтышты. Анда биз ар кандай мисалдарды келтирип, кайсы гана кесиптин ээси болбо экологиялык билимдер чогуу жүрөрүн айтып түшүнбөстүктөрдү жеңдик. Учурда бул сабактарга катышабыз дегендер көп. Экологиялык маалыматтарды таркатуу менен окуучулардын климаттын өзгөрүүсүнө, биоартүрдүүлүктүн жок болуп кетпешине чоң салымын кошот деген үмүттөбүз”, — деп билдирди Перизат Касымова.
Сабактарда окуучуларга табиятта кантип эс алуу керек, кандай учурда өсүмдүктөргө, жаныбарларга зыян келтирбейбиз, кантип аларга кам көрө алабыз деген түшүндүрүү иштерин жүргүзүлөт. Бул мектеп азыр маалыматтарды жайылтып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп алып, андан ары ата-энелер менен бирге тегерек столдорду же башка иш чараларды өткөрүүнү пландап жатышат.
Айгерим Кубатбекова