Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейинин ашпозчу кесибинде окуган окуучулар бүгүнкү өндүрүштүк окутуу учурунда соустун түрлөрүн жасап көрсөтүштү.
Бул адистикте окуган окуучулар өлкөнүн алыскы аймактарынан келишкен. Алар бүгүнкү сабакта соустардын түрүн жасап көргөзө алышты.
«Менин тайпамда жалпы 30 окуучу бар. Алардын көпчүлүгү алыскы облустардан келип окугандыктан, жатаканада жашашат. Окуу жылы башталганы, өндүрүштүк окутууда кесибине кызыгуулары артып, өздөрүн жоопкерчиликтүү алып жүрүшөт. Бул окуучулар менен иштөө түйшүктүү болгону менен кызыктуу. Ал эми келечекте мыкты ашпозчуларды даярдоо менин милдетим», — деп билдирди ашпозчу кесибинин устаты Сезим Алтымыш кызы.
Турсун Омуралиева