Нарын районундагы Кызыл-Жылдыз айылынын «Жаңы Тилек» балдар бакчасында жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Майрамды бала бакчанын тарбиячылары менен ата-энелер биргеликте өткөрүштү.
Бала бакчанын жетекчиси Эркингүл Керимбаева:
«Жылдагыдай эле салтка айланган жаңы жылдык кече. Бакчада үч тайпа бар. Балдардын бүгүнкү күнгө чейинки үйрөнгөндөрүн ырларын айттырып, ырдатып, салтанаттуу кече өткөрдүк. Бардыгынын маанайлары жакшы».
«Бүгүнкү жаңы жылдык майрам эң сонун жогору деңгээлде өттү. Балдардын кубанычында чек жок. Бардыгы жарашыктуу кийинишип, үйрөнгөн ырларын айтып, ырдап, бийлеп беришти. Бул жерде иштеген тарбиячыларга рахмат балдарды абдан жакшы даярдашыптыр», -деп Жазгүл Чүйтүева.
«Мен эй балаты деген ырды ырдадым. Елка жакшы болду. Аяз атадан белек алдым»,-деди кичнекей Азамат.
Балаты майрамынын соңунда ата-энелер балдарга даярдаган белектер берилди.
Даярдаган: Сейил Садыркулова