Ата-эненин балага бирдей сүйүүсү, колдоосу, жылуу мамилеси — баланын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн негизи. Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылынын тургуну Адыл Көчөрбаевдин төрт баласы бар. Улуу баласы Даван быйыл ЖРТдан район боюнча эң жогорку упай алды. Мындай ийгиликтин башаты-тарбия.
«Баланын ийгиликке жетиши үчүн ата-эне сөзсүз шарт түзүп бериши керек. Айрыкча биздикиндей айыл жергесинде айыл чарба жумуштарынан бошотуп, көп убактысын окууга бөлүп, шык-дем берип, колдоо зарыл. Баланы сен тарбияла, мен тарбиялайм деп бөлүнбөй ата-эненин тарбиясы бирдей болуш керек».
Коомдун өнүгүшүнө жараша бала тарбиялоо ыкмалары өзүнүн баалуулуктарын өзгөртүп жүрүп отурат. Ага ата-эненин катышуусу дагы дайыма эле бирдей боло бербейт. Балдар психологу жана гендердик адис Тынчтык Бакытов советтик доордо тарбиялоо иштеринде аталардын катышуусунун төмөндөп кеткен себептерин белгилейт.
«Бала тарбиялоодо аталардын катышы төмөндөп кеткен. Анткени советтик доорго чейин аталардын ролу чоң болгон, балдарын карашып, жанына алып жүрүшкөн, анчылыкка үйрөткөн. Кийин ата-эне ишке чыгып, балдар бала бакчада калып, мектепте, интернаттарда жашап, аталардын балага болгон мамилеси солгундап, азайып кеткен».
Балага чогуу кам көрүү жана аны кароо вазыйпасы ымыркай төрөлгөндөн баштап ата-энеге тең бөлүштүрүлүшү зарыл. Бала 3 жашка чыкканда ата аны тарбиялоого олуттуу катыша башташы керек, анткени бала ымыркай кезиндегидей энеге көз каранды болбой калат. Кара-Бүргөн айылынын тургуну Бермет Мамакеева тарбиялоодогу атанын орду тууралуу өз ою менен бөлүштү.
«Атанын орду бүгүнкү коомдо өтө маанилүү. Кичине кезинен эле таануу илиминде, педагогикада ата баланын өсүп-өсүп өнүгүүсүндө ролу чоң . Балага акыл үйрөтө бербей өз ээрчитип жүрүп, көрсөтүп тарбиялоосу абзел эле».
Тарбиялоо ишинде ата баланы мындай тарбиялаш керек белгилүү бир стандарт жок. Ал муундан муунга өтүп келаткан табигый процесс. Болгону баалуулуктарга көңүл буруу керек дейт гендердик адис Тынчтык Бакытов
“Баалуулуктарга маани бербей койгон учурлар бар. Бирок кыргыз элинде абдан сонун, мыкты философиялар бар. Балага мамиле өзгөчө болгон. Тарбиялоонун стандарты жок. Бир гана баланы сүйүү, кабыл алуу деген стандарт бар. Ага 18 жашка чыкканга чейин канча мүмкүнчүлүгү болсо ошончо шарт түзүп берүү болуп саналат.
Балага атасы тарабынан берилген жакшы тарбия анын келечеги үчүн зарыл көндүмдөргө үйрөтүп, турмушка багыт берүүсү маанилүү.
Барчын Мамытбекова