Окумуштуулар уюлдук телефондордон чыккан радиациянын балдарга тийгизген таасири боюнча 14 жылдык изилдөөсүндө төмөндөгүдөй жыйынтыка келишти. Анда телефон колдонгон балдар, башка балдарга салыштырмалуу жөнөкөй угуу жана көрүү, сүйлөө реакциялар басаңдап калганы белгилүү болду.
Алдыда жаш балдарга гаджеттердин тийгизген таасирлерине токтолобуз.
Атын атагысы келбеген карманыбыз 3 баланын апасы. Анын айтымында балдарынын телефонго көз каранды болуп жаткандыгы, учурда чочулатып тургандыгын айтат:
“Төрөгөндөн кийин ооруп калгандыгыма байланыштуу кызыма көп көңүл бурууга мүмкүнчүлүгүм жетпей калды. Кызымды алаксытыш үчүн көп телефон карматып койчумун. Учурда кызым 4 жашта, телефонго көнүп калган бала чыдамсыз болуп калат деген чын экендигине ынандым. Бир нерсе туура эмес болуп калса эле ыйлай берет. Тамака отурсак дагы телефонсуз тамак жедире албайбыз. Балдар менен дагы ойной албайт. Убакыт өткөн сайын сүйлөөсү жакшырбай эле түнт болуп баратканы байкалат. Телефондун балага зыян экендигин ойлоп, кызымдын ден соолугу үчүн кооптонуп келем”.
Окумуштуулар 39,7% учурларда гаджет колдонуучулары чарчоонун жогорулашын, 50,7% эффективдүүлүктүн төмөндөшүн катташкан. Учурда жаш балдардын аткаруу көрсөткүчтөрү төмөндөп, көңүл жана семантикалык эс алсыроодо. Бул тууралуу кененирек психолог Гульшайыр Жунусова маалымат берет:
“Ымыркай кезинен телефон менен алектенген баланын дүйнө таанымы начарлап, сүйлөөсү жай болуп, мамиле түзү көйгөйлөрү жаралат. Мамиледен алуучу жылуу сезимдер, камкорлуктун азайышына алып келүү коркунучу туулат, бала балким мерездикке кабылбаса да кайдыгерликке үйрөнүп калуусу мумкун. Башка адамдарга эмоционалдык жакын мамиле түзү мүмкүнчүлүгү да чектелип калууда.
Учурда балдардын руханий жактан өнүгүүсүнө мультфильмдер терс таасирин тийгизүүдө. Жашоо менен мультфилмдеги фантазия элестери алардын акылын ээлеп алышууда. Жашоого ошол каармандадын коз карашы менен карап, балада чыдамкайлык азайууда”.
Угуу жана сүйлөөнү өнүктүрүүчү борбордун жетекчиси, логопед Гүлнара Ногойбаева телефондон көбүнчө жаш балдардын сүйлөө, көрүү, угуу сезими кечеңдеп кетерин айтат:
“Учурда ата-энелер ымыркай кезинен тарта баланы телефонго көндүрүп коюшууда. Ата-энелер баласын телефондон керектүү маалымат алып жатат, кичинекей болсо дагы англис тилинде санайт, түстөрдү билет деп кубанышат. Бирок балага бул нерсе пайда алып келбей эле зыян алып келип жаткандыгы ойлондурбай койбойт. Анткени смартфондон үйрөнгөн нерселерди бала жашоодо колдоно албай калат. Жөнөкөй мисал айланадагы түстөр кандай экендигин көрсөтө алышпайт. Ата-эне балдарга атайын убакыт бөлүп, чоң адамдай эле ага суроо берип сүйлөшүүсү абзел. Кызыктуу сүрөтү бар китептерди көрсөтүп жашоо менен салышытырып, башкалар менен баарлаштырып ойнотуп туруу баланын калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.
Учурда сүйлөө речинен жабыркаган жаш балдар көп. Бул нерсенин дагы бирден бир себеби гаджеттер. Смартфонго берилген бала түнт болуп кеч сүйлөйт. Ымыркай төрөлгөндөн кийин балада биринчиден угуу сезими пайда болот. Бир нерсе шыбырт этесе аны издеп карап баштайт. Андан кийин бардык нерсеге кызыгуусу артып буюмдарды кармап көрүүгө умтулат. Акылы топтолушуп келип бала сүйлөөгө аракет кылат, биринчиден кыска созулма тамгаларды, муунду сөздөрдү айтат, андан соң кыскача сөздөрдү сүйлөйт. Убакыттын өтүшү менен кыскача сүйлөмдөрдү айта баштайт. Бул учурда жогоруда айтып кеткендей ата-эненин балага тийгизген салымы чоң болушу керек.
Бирок учурда билим алуу жаатында телефондо мүмкүнчүлүктөр көп. Акылы жетилип калган балдарга убакытты ченеп пайдалуу маалымат алуу үчүн смартфонду колдонуу бул жакшы нерсе”.
Аида Нурбекова учурда 3 баланын апасы ал смартфонун керексиз сайттарга жеткиликсиз кылып балдарына ылайыктап койгон. Бош убагында, смартфон аркылуу балдарга арналган кызыктуу тарбиялык мааниси бар программаларды көрсөткөнгө умтулат:
“Учурда балам 5-класста окуса, кызым 2-класс. Кенже балам бала-бакчага барат. 2 балам телефонду пайдалуу маалымат алуу үчүн гана колдонсо дейм. Анткени интернет айдынында балдарга керексиз маалыматтар өтө көп. Балдарым мектептен кийин англис тили курсуна барышат. Ангис тили ийриминен кийин түшүнбөгөн сөздөрдү телефондон карап колдонушат. Мындан тышкары балдарымды күрөш, футбол, бий ийримдерге жиберип турам. Кошумча кружоктор баланын жашоого болгон кызыкчылыгын арттырат эмеспи. Ал эми үйдөн бош убактыларында смартфондон, компьютерден пайдалуу, тарбиялык мааниси бар мультфилмдерди, программаларды көргөзүп турам. Программалады көргөндөн соң сөзсүз балдарым менен талкуу жүргүзүп, маалыматты айлана-чөйрө менен байланыштырып түшүндүрүп турам. Балдарым дагы бул нерсени жакшы көрүшөт”.
Медиа эксперт Алмаз Исманов смартфонду балдар кантип туура жана чеги менен колдонуу керек экендиги тууралуу ата-энелерге төмөндөгүдөй сунушун билдирди:
*Биринчиден, ар бир адам санарип гигиенасын сактоо керек. Гаджеттерди колдоно ала турган белгилүү бир убакытты белгилеш керек. Бул эрежени ата-энелер өздөрү да сакташы маанилүү. Мисалы, сабакка даярданууда , жеке колдонуу үчүн смартфон ден соолукка, аң сезимге зыян алып келбегидей кылып туура убакытты белгилеп алуу керек .
*Экинчиден, балдар смартфонду кантип жана эмне үчүн колдонушат деген суроого жооп беришибиз керек. Смартфонду бала өз долбоорлору үчүн колдонушу мүмкүн, балким алар кыска пайдалуу видеолорду тартканды билишет. Же болбосо тескерисинче терс маанидеги маалыматтарды көрүшөт.
*Үчүнчүдөн, баланын смартфонду колдонгон убактысын көзөмөлдөөгө жардам берген атайын тиркемелерди жүктөп койсо болот.
*Төртүнчүдөн, жок дегенде жумасына бир жолу ата-энелер балдары менен бирге кандайдыр бир иш-аракеттерди офлайн жасашы керек.
*Бешинчиден, ата-эне балдарын биринчи кезекте медиа сабаттуулукка, смартфондорду туура колдонууга үйрөтүү зарыл. Интернетте мындай окуу куралдары көп”.
Айдана Токтобекова