Балаңызды эртең менен мектепке ойгото албай, кечинде убагында уктоого жаткыра албай кыйналып жатасызбы? Сиздин кичинекей тамактан баш тартып, маалы жок ойноп, экрандан көзүн албай жатабы? Бул көйгөйлөр көп ата-энелерге тааныш. Мунун себеби «жаман тарбия» жана сөз укпоо, баш ийбестикте эмес, күнүмдүк так режимдин жоктугунда. Андыктан баланын жашоосун уюштуруу, күн тартибин орнотуу зарыл.

Күнүмдүк тартип эмне үчүн абдан маанилүү?
Баланын күнүнүн туура режими — бул иш-аракеттердин жана эс алуунун ар кандай түрлөрүнүн рационалдуу узактыгы жана акылга сыярлык тизмеси. Так график окуу жана эс алуу, уйку жана тамактануу, гигиеналык жол-жоболорду балансташтырууга мүмкүндүк берет. Баланын жакшы уюштурулган күн тартиби — бул катуу «түрмө» режими жана мажбурлоо эмес. Бул балдардын бардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн натыйжалуу каражат катары кызмат кылат.
1. Физикалык жана психикалык ден соолуктун негизи
Күнүмдүк режимди сактоо балада тактыкты(пунктуальность) гана өнүктүрбөйт. Бул анын гармониялуу физикалык жана психоэмоционалдык өнүгүүсүнө бекем негиз болуп саналат. Эгер бала жетиштүү уктаса, ал активдүү жана изденүүчү, «чоң жетишкендиктерге» даяр. Күнүмдүк сейилдөө баланын иммундук системасын бекемдеп, көз карашын кеңейтет. Курдаштары менен ойноп, бала дүйнөнү таанып, баарлашууга үйрөнөт. Так структураланган менюга ылайык балансталган тамактануу баланын ден соолугунун жана бакубаттуулугунун ачкычы болуп саналат. Ал эми күнүмдүк тартипке балага жаңы нерселерди үйрөтүү, окутуулар кирген болсо, маданий жана интеллектуалдык жактан өнүгүшүнө жол ачат.
2. Бала өзүнө ишенип, ишенимдүү болуп чоңоет
Баланын нерв системасы абдан пластикалык. Жаш балдар ар кандай тышкы шарттарга тез көнүп калышат. Ошондой болсо да, кадимки күнүмдүк тартип баланын өзүнө жана келечегине ишенүүгө жардам берген казык болуп саналат. Бала эртең эмне болорун билгенде же жок дегенде үй тапшырмасын аткаргандан кийин, өзүн эркин жана ыңгайлуу сезет.
3. Балада жоопкерчиликтүүлүк жана дисциплина калыптанат
Тартип, жоопкерчилик жана өзүн-өзү уюштуруу — бойго жеткенде пайдалуу боло турган маанилүү жеке сапаттар. Күнүмдүк тартип алардын калыптанышына негиз салат. Бала өз жашоосун көзөмөлдөп, өз иш-аракеттери үчүн жоопкерчиликтүү болууга үйрөнөт.
4. Жашоого болгон баалуулуктар орнойт
Бирге тамактануу, сейилдөө жана оюндар – бул үй-бүлөлүк баалуулуктар, бул балага билим берүүгө жардам бере турган күнүмдүк иш. Үй-бүлөнүн күнүмдүк графикте жазылган бирген аткарган жумуштары же чоогу өткөргөн убактар ата-эне менен баланы бириктирет.
5. Жакшы адаттарды калыптандыруунун оңой жолу
Белгиленген күн тартиби менен бала жаңы чөйрөгө олуттуу көйгөйлөрсүз көнүп, пайдалуу адаттарды тез калыптандырат. Белгилүү бир тартипти карманган кичинекей балдар мектепте ийгиликтүү болушат.
Качан күн режимин киргизип баштоо керек?

Көптөгөн балдар 3-4 айлыгында эле күн тартибин түзүүгө даяр. Бул мезгилде бала күндүн көпчүлүк бөлүгүн уктабай калат, ойной баштайт, дээрлик бир убакта тамактанат. Ушул учурдан тарта акырындап күн тартибин киргизип баштоого болот. Ымыркайдын күнүмдүк режими — бул уйку, тамактануу жана басууну пландаштыруу. Бир жылдан кийин, ал дээрлик толугу менен чоңдорг үстөлгө которулгандан кийин, сиз так тамактануу убактысын иштеп чыга аласыз — эртең мененки тамак, түшкү тамак, түштөн кийин чай, кечки тамак. . 2-3 жаштан баштап күнүмдүк графигине өнүгүп жаткан иштер жана оюндар киргизилет.
Баланы мүмкүн болушунча эртерээк күн тартибин сактоого үйрөтсө, анда ал 7-8 жашында режимди сактоого өзү жооптуу болуп калат. Апасы менен атасы күн сайын кечки тамакты жеп, үй тапшырмасын бүтүрүүгө, эртең менен көпкө ойгонууга көндүрүүнүн кажети жок. Идеалында, ал өзү жеке убактысын бөлүштүрүү үчүн жооптуу болушу керек — качан тамактануу, уктоо жана ойноо, үй тапшырмаларын аткаруу. Ата-эненин жалгыз милдети – режимдин сакталышын көзөмөлдөө.
Уйку режиминин өзгөчөлүктөрү

Баланын уйку режими анын нормалдуу өсүшү жана өнүгүшү үчүн өтө маанилүү. Балдар активдүү жана күн сайын чоң көлөмдөгү маалыматты «сиңирип» алышат. Ымыркай уктап жатканда, анын денеси жана нерв системасы эс алып, ал күн ичинде кабыл алган оң жана терс эмоцияларды (көңүл калуу, коркуу, ырахат) жаңы сапатта сезип, психоэмоционалдык ашыкча стресстен алыс болууга шарт түзүлөт.
Ар бир баланын эс алууга ар кандай муктаждыгы бар. Кантип жана канча уктайт ал көптөгөн факторлордон көз каранды: жалпы ден соолук, активдүүлүк, күндүн каныккандыгы, тамактануунун сапаты, үй-бүлөдөгү жана айлана-чөйрөдөгү эмоционалдык фон. Балдардын режимин баланын уйкусу терең, ал өзү эс алып, тынч ойгонгудай кылып куруу керек.
Баланын ойгонуу мезгилинде дүйнөнү активдүү изилдеп, убактысын пайдалуу өткөрүү үчүн ага жагымдуу шарттарды түзүү маанилүү. Кандай эрежелерди сактоо керек?
Айгерим Кубатбекова