Бишкек шаарындагы жана Нарын облусундагы балдарды өнүктүрүү жаатындагы балдар мекемелери жана компаниялары үчүн конкурс жарыяланды. Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын колдоосун камтыган интенсивдүү окутуу программасынан өтүшөт. Ал эми, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды ала алышат.
Accelerate Prosperity Бишкек шаарында жана Нарын облусунда эрте курактагы балдарды өнүктүрүү жаатында иштеген билим берүү мекемелери, уюмдар жана ишканалар үчүн бизнес акселераторуна катышуу үчүн арыздарды кабыл алуунун башталганы жөнүндө жарыялайт. Катышуучулар кесиптик бизнес-консультанттардын колдоосун камтыган интенсивдүү окутуу программасын бүтүрө алышат. Мындан тышкары, ийгиликтүү бүтүрүүчүлөр өз бизнесин өнүктүрүү үчүн 50 000 долларга чейинки инвестицияларды тартуу мүмкүнчүлүгү үчүн атаандаштыкка туруштук бере алышат.
Бизнес акселератору АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттиги (USAID) жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланган “Жергиликтүү Таасир” долбоорунун алкагында уюштурулган.
Конкурска бала бакчалар, кошумча билим берүү мекемелери жана балдардын эрте өнүгүүсү үчүн башка билим берүү мекемелери катыша алат. Алардын кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана жылдык кирешеси 250 миң сом болушу керек.
⠀
КОНКУРС ШАРТТАРЫ:
Конкурска катышуу үчүн, 2021-жылдын 15-февралынан 24:00 чейин кечиктирбестен анкета толтурушуңуз керек; (белгиленген мөөнөттөн кийин толтурулган арыздар комиссия тарабынан каралбайт)
— анкетаны кыргыз же орус тилдеринде толтурса болот;
— Конкурстун биринчи турунан өткөн ийгиликтүү талапкерлер гана тандоо комиссиясынын маегине чакырылат;
— Жатакана, тамак-аш, транспорттук чыгымдар катышуучу тарабынан каржыланат;
— Бизнестин-акселератор Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Конкурска катышуу үчүн онлайн формасын толтуруу керек: https://kg.accelerateprosperity.org/bishkek2020
Сынак жөнүндө көбүрөөк маалымат жана катышуунун шарттары: http://kg.accelerateprosperity.org
⠀
Суроолор боюнча + 996 (990) 935-008 номерине чалыңыз
⠀
USAID жана -Ага Хандын “Жергиликтүү таасир” долбоору тармактардагы жана бир нече өлкөлөрдөгү аялуу жамааттардын арасындагы негизги көйгөйлөргө жаңы, инновациялык чечимдерди табууга умтулат.
Жамааттык Медианын бүтүрүүчүлөр үчүн долбоору аймактарда ишке ашууда