Жаңы-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейде ата-энесиз калган, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгу чектелген майып балдардын көйгөйү, алардын кесиптик билим алгандан кийинки ой кыялынын ишке ашпаганы, кызыксыз жашоосу, мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу балдарга маселе жаратууда.
Жаны-Жер айылындагы №43 кесиптик лицейдин окуучулары өндүрүштүк окутуунун үстүндө практикалык сабак учуру
Кийинки убакта №43 кесиптик окуу жайда, социалдык жетим, ата-эне укугунан ажыраган же кандайдыр бир кырдаалдын себебинен ата-энелик милдетин аткара албай калган адамдардын балдары жылдан жылга өсүүдө.
Жетим балдар жана ата-энесинин камкордугунан ажыраган, акыл-эси артта калган жана физикалык жактан жетишпеген балдар үчүн №43 кесиптик лицей кесиптик багытта билим берүү (окуу-тарбиялык), социалдык-реабилитациялык жардам көрсөтүп келет.
Ашпозчу кесибинде окуган окуучулар, практикалык сабак учурунда жасаган кондитердик азыктарын, Жаны-Жер айылындагы базарга алып чыгып сатышат. Бул каражат өздөрүнүн керегине жарайт.
Кесиптик лицей көптөгөн балдарды окутуп тарбиялап, кесиптик багытта билим берип, баланы социалдык жашоого үйрөтүүдө эң негизги функцияны аткарат. (башкача айтканда, социалдык-адаптациялык функция)
Окуу бөлүмүнүн башчысы Асира Назарматова
Окуу бөлүмүнүн башчысы Асира Назарматова:
«Бул окуучулар үчүн биздин №43-кесиптик лицей – убактылуу билим алып жашоочу жай. Окууну бүткөндөн кийин жеткинчектер өз алдынча жашоого багыт алышат. Алардын кийинки жашоосу, ийгиликтери, майып балдарды, бүтүрүүчүлөрдү өз алдынча жашоого канчалык деңгээлде даярдай аларына көз каранды.
Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучу. Учурда «Жер -жемиш өстүрүүчү» кесибинде окуйт. Бул окуучулардын окуп жазганга жөндөмү жок болгондуктан, практикалык метод менен кесипке үйрөнүшөт.
Мына ушул себептен балдарды кароого мамлекет жана коом менен бирге биздин лицей да кам көрөт. Бул маселе учурда эң курч көйгөйлөрдөн болуп эсептенилүүдө. Азыркы убакта жетимдиктин төмөнкү түрү биздин окуу жайда болуп жатат.:
• Тоголок жетим. Алар: ата-энеси көз жумган балдар.
• Ата-энеси бар бирок, ата-эне камкордугунан чектелген балдар.
• Балдарга ата-энелик камкордугунан баш тартуу же, ата-энелик милдеттен баш тарткан.
• Интернат балдары – бул балдар ата-энесинен алыс, интерната тарбияланган балдар. Ошол себептен ата-энеси иш жүзүндө балдарын тарбиялоого катышпайт.
• Үйдөгү жетим балдар – ата-энеси толук, алар менен чогуу жашашат, бирок ата-энелери бири-бирине бөтөн, терс мамиледе болгон.
Сүрөттө официанттык кесипке окуган окуучулар, экзамен тапшырууда
Негизи бул көйгөйдүн алдын алынбаса, анда жаш балдардын өлүмү көбөйүп, жугуштуу оруулардын жайылышы коркунучтуу абалды туудурат. Көп балдар ачкадан өлүп калбас үчүн уурулукка, барууга мажбур болот, ал эми бул жаш балдар менен өспүрүмдөрдүн ортосундагы кылмыштуулуктун, норкаманиянын өркүндөшүнө алып келет. Андан сырткары балдар орто билимге, же кесипке ээ боло алышпагандыктан, сабатсыздык жогорулайт. Балдар биздин келечегибиз болгондуктан, алардын келечегине кам көрүү керек».
Лицейдин мыкты окуучусу Бусурманкул уулу Тенирберди ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга бий үйрөтүүдө
№43 кесиптик лицейде таланттуу окуучулар көп кездешет. Дайырбек уулу Көлбай сүрөттү жакшы тартат, колунан чыккан көргөзмө буюдар сынакта биринчи орунду алат
Быйылкы жылкы COVID-19 пандемиясынын тийгизген таасири өлкөнү кризистик абалга алып келүүдө. Жогоруда айтылган шарттардан социалдык жетимчиликти пайда болуусун шарттап, көп үй-бүлөө кризиске кабылууда. Үй-бүлөдөгү кризис өлкөдөгү балдардын абалына терс таасирин тийгизип, бул социалдык жетимчилик жана атайын мекемелердин өсүшүнө алып келет. Мисалы, балдар үйү жана мектеп интернаты.
Айназик: «Кийим тигип сатып бутума протезге акча чогултам»
Турсун Омуралиева