Эртең 7-декабрдан баштап Ак-Талаа районундагы 10 мектепте толук салттуу окутуу баштала турган болсо, калган 8 мектепте экинчи алгоритм менен тактап айтканда 1,5,9,11-класстар окутулат. Анткени бул мектептерде окуучунун саны 300дөн ашык.
Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу балдардын, педагогдордун, ата-энелердин ден соолугуна кооптуу кырдаал жаратпоо максатында бардык жалпы билим берүү уюмдарында саниардык талаптар сакталууга тийиш.
Барчын Мамытбекова