31-августта Балыкчы шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү салтанаттуу белгиленди. Азем Э.Думанаев атындагы маданият үйүндө өткөрүлүп, ага шаар тургундары жана коомдук ишмерлер катышты.
Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаев жана шаардык кеңештин төрагасы Д.Аманалиев шаардын тургундарын майрам менен куттукташты.

Балыкчы шаарынын мэри Б.Жантаев
Азем учурунда мамлекетке жана коомго өзгөчө салым кошкон жарандар ар кандай мамлекеттик жана жергиликтүү сыйлыктар менен сыйланышты:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы:
• Давлетов Турдакун Бакирович
• Калназаров Таштан Карачаевич
Мамлекеттик кызмат агенттигинин сыйлыктары:
• “Муниципалдык кызматтын отличниги” — Сыдыков Максат Эсеналиевич
• Ардак грамота — Кулова Майрамкүл Эсенбаевна, Сабырбек уулу Бактыбек, Байбосунов Сыртбай Догдурбаевич
• Грамота — Дегембаева Марал Кандыбековна, Касымакунов Бактияр Нарынбекович
Балыкчы шаарынын Ардак наамдары:
• Балыкчы шаарынын ардактуу жараны наамы:
• Карыбаев Аскар Акматович — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, композитор
• Исаев Кубатбек Шаршеевич — Баткен ардагерлер кеңешинин төрагасы, полковник
• Абдыкадыров Качкын Барыктабасович — Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, ырчы
• Балыкчы шаарынын Ардак грамотасы шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн:
• Чолпонкулов Медер Абдылдабекович
• Жайлообеков Алтынбек Жайлообекович
• Сыдыков Эркин Калыбекович

Салтанатту аземде эне мээрими жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн коомдогу ордун таанытуу максатында “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Бул сыйлыктар Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы №158 жана №159 жарлыктарына ылайык ыйгарылган.
«Баатыр эне» ордени менен сыйлангандар:
Алакова Элвира Жаныбековна, Жумаканова Паризат Жумабековна, Абдылдаева Эльзада Дөөлөтбековна жана башкалар.
«Эне даңкы» медалы менен сыйлангандар:
Бозкорпоева Кундуз Асанакуновна, Үсөнбай кызы Перизат, Осмонова Дамира Осмоновна жана башкалар.

Бул сыйлыктар энелердин татыктуу эмгегин таанытып, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн коомдогу ордун даңазалайт.

Зубаржад Жалилова