Бүгүн, 2025-жылдын 31-августунда, элибиз үчүн эң маанилүү күн — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү. Бул күнгө туура 34 жыл толуп отурат. 1991-жылдын 31-августунда кыргыз эли өз тагдырын өзү аныктап, эгемен мамлекет катары дүйнөгө жарыяланган.Токтогул районунда да бул улуу күн өзгөчө маанайда өттү.
34 жыл ичинде өлкөбүз ар тараптуу өнүгүүнүн жолун басып өтүп, саясий, экономикалык жана маданий жактан өз алдынчалыгын бекемдеп келди. Бул жылдар аралыгында кыргыз эли демократиялык баалуулуктарды кармануу менен, улуттук биримдикти, ынтымакты жана тынчтыкты сактап келүүдө.
Эгемендүүлүк — бул жөн гана саясий статус эмес, бул элибиздин эркин жашоого болгон укугу, өз маданиятын, тилин, үрп-адатын сактоо жана өнүктүрүү мүмкүнчүлүгү.
Токтогул шаарынын борбордук аянтында уюштурулган майрамдык иш-чарага район жетекчилиги, мекеме-ишканалардын кызматкерлери, мугалимдер, дарыгерлер, жаштар жана ардагерлер катышып, эгемендүүлүккө болгон урмат-сыйын жана сыймыгын билдиришти. Иш-чарада мекемелердин жамааттары салтанаттуу жүрүш жасап, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын сыймык менен көрсөтүштү.
Райондун мамлекеттик администрация башчысы-аким А.А. Тюкебаев элибизди куттуктап, өлкөнүн акыркы жылдардагы жетишкендиктерин жана Токтогул районунда жүрүп жаткан социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдү белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө эгемендүүлүк – ар бир жарандын тынчтыкта, теңдикте жана эркиндикте жашоосунун негизги шарт экенин баса белгилеп, мекен үчүн кызмат кылууну улуу миссия катары атады.
Майрамдын алкагында районго өзгөчө салым кошкон эмгек сиңирген инсандарга «Токтогул районунун Ардактуу атуулу» наамы, Ардак грамоталар жана баалуу белектер тапшырылды. Бул – жергиликтүү бийлик тарабынан элибиздин эмгегине берилген жогорку баа.

Майрам концерттик программа менен уланып, белгилүү ырчылар Айбек Карымов, Дилбар Райымбекова жана маданият кызматкерлери тарабынан кооз номерлер тартууланды. Театрлаштырылган сценалар, улуттук бийлер жана элдик оюн-зооктор элге өзгөчө маанай тартуулад
Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы – бул ата-бабалардын кылымдык кыялы ишке ашып, бүгүнкү күндө эркин өлкө катары жашап жаткан кыргыз элинин жарандары үчүн зор сыймык. Мындай майрамдар мекенге болгон сүйүүнү арттырып, биримдик менен жаңы бийиктиктерди багындырууга дем берет.
Даярдаган: Азема Кудуева