Токтогул районунун Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы Терек-Суу айылында жайгашкан №5 «Кызгалдак» бала бакчасы жаңыланды. Бала бакчанын чатыры толугу менен алмаштырылып, балдар үчүн атайын навес курулду.

«Кызгалдак» балдар бакчабыз жаңы окуу жылын жаңылануу менен баштады. Ичине жаңы килемдер, жууркандар, жана башка керектүү жабдыктар алынып берилди. «Дем берүүчү» долбоорунун колдоосу менен бакчанын чатыры жаныланса, ал эми ички жабдуулар айыл өкмөтүнүн бюджети эсебинен камсыздалды. Бул оңдоо иштери, биринчи кезекте, бөбөктөрдүн коопсуздугун жана жайлуулугун камсыздоого багытталган. Жаңы чатыр жаан-чачын жана шамалдан коргосо, навес болсо күндүн ысыгынан жана жаандан сактап, таза абада ойноого мүмкүнчүлүк берет.
Мындай шарттар балдардын ден соолугуна жана жалпы өнүгүүсүнө оң таасир берип, тарбия берүү процессин дагы сапаттуу кылууга өбөлгө түзөт.

Бул иш-чара жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун колдоосу менен ишке ашып, балдардын келечегине кайдыгер карабастыгын дагы бир жолу далилдеди. «Кызгалдак» бала бакчасындагы оңдоо иштери — бул жаш муун үчүн түзүлүп жаткан мыкты келечектин башаты.
Кетмен-Дөбө айыл өкмөтүнүн демилгеси менен N5 «Кызгалдак» МЧББУнун чатырын алмаштыруу жана алдына навес куруу иштери болду. Бул долбоорго Стим грантынан (теңдөөчү гранттан) 2,585,570 сом бөлүнгөн.
Бул каражаттын эсебинен бала бакчанын чатыры толугу менен жаңыланды. Ошондой эле, балдардын ойношуна жана эс алышына ыңгайлуу болгон атайын навес курулду. Бул иштер бала бакчанын инфраструктурасын жакшыртууга жана балдарга коопсуз, жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталды.
Бул жергиликтүү бийликтин билим берүү тармагына өзгөчө көңүл буруп жатканын көрсөтүп турат
Даярдаган: Азема Кудуева.