Эне сүтү ымыркайдын өмүрүн сактап, ден соолугуна негиз болсо, эненин организмин да бекемдеп, күч берет. Эне болууга даярдык жаш кезден башталып, сергек жашоо образын карманганы зарыл. Үй-бүлөлүк дарыгер Айгүл Тагаева эмчек эмизүүнү туура уюштуруу боюнча кеңештери менен бөлүштү.

“Кимде ким кыздуу болсо, сөзсүз кыздын ден соолугуна маани бериши керек. Ден соолугу бекем кыз кийин жакшы эне болот. Туура тамактануу, кыймыл-аракет, уйку режими, өзүнө кам көрүү – мунун баары келечектеги эненин ден соолугу үчүн негиз болуп берет,” — дейт дарыгер.
Төрөттөн кийинки «кырк күн» энеге өзгөчө маанилүү. Бул убакыт аралыгында организм толук калыбына келип, күч топтойт.
—Ымыркайдын кыркын чыгаргандан кийин сөзсүз энени да эс алдырып, ден соолугун чыңдоо керек. Эненин ден соолугу жакшы болсо, төрөттөн кийин сүт дароо келет да, ымыркай төрөлөрү менен эмчек эмүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми 1–2 күн сүт келбей калса, бул көбүнчө эненин ден соолугуна жана туура тамактануусуна байланыштуу, — деп белгилейт Айгүл Тагаева.
Эненин тамактануусу түздөн-түз сүттүн көлөмүнө жана сапатына таасир этет. Организм керектүү витаминдерге жана минералдарга бай азыктар менен камсыз болушу зарыл.
Сүттүн мол болушу үчүн энелер убагында жана туура тамактанууга көнүшү керек.— дейт дарыгер.
Кыймыл жана уйку режими
Жаш кыздар көп учурда кыймыл-аракет аз болгондуктан жана туура уктабагандыктан көйгөйлөргө туш болушат. Эненин күч-кубатын калыбына келтирүү үчүн жетиштүү уктоо жана эртең менен эрте туруп, активдүү болуу маанилүү.
Эмчек эмизүүдө эненин да, баланын да ыңгайлуулугу маанилүү.
Баланы отурган абалда, бир колу менен далысын, экинчи колу менен бут жагын туура көтөрүп, ыңгайлуу абалга келтирип анан эмизүү керек.
Эмчек эмизүүнүн графиги
Мурда баланы белгилүү убакытта – ар 2 саат сайын эмизүү сунушталса, азыркы илимий ыкма башкача.
— Азыр бала ыйлаган сайын эмизүү сунушталат. Бул ымыркайдын психологиялык абалына да, сүттүн мол келүүсүнө да жардам берет.
Эмчек эмизүүнүн энеге пайдасы
Эмчек эмизүү энеге да көптөгөн оң таасир берет:
• Эненин психологиялык абалы жакшырып, бала менен эмоционалдык байланыш бекемделет;
• Кийинки жашоодо айрым оорулардын, мисалы, эмчек безинин рагы жана остеопороз коркунучу төмөндөйт.
Эмчек эмизүү бул жөн гана тамактандыруу эмес, баланын өмүрүн сактап, энеге күч берген табигый процесс. Баланын ден соолугуна кам көрүү кыз кезден башталат, ал эми төрөттөн кийинки 40 күн энеге өзгөчө кам көрүүнү талап кылат. Эне өзү ден соолугуна туура мамиле кылганда, сүт мол болуп, бала да, эне да дени сак болот.
Айпери Марлесова