Балыкчы шаарынан чыккан жаш балбан Айтеңир Максатов бүгүнкү күндө кыргыз күрөшүнүн келечегинен үмүт жараткан спортчулардын бири. Ал кичинекей кезинен эле спортко кызыгып, бүгүнкү күндө чоңдор арасындагы мелдештерде ийгиликтүү күрөшүп, Кыргызстандын курама командасынын катарына кошулууга жетишти.
Айтеңир Максатов 2005-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөн. Учурда ал 20 жашта. Азыр Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы спорт колледжинин 3-курсунун студенти. Ал эркин күрөш менен 9 жашынан тартып машыгып келет. Ошондон бери спортко болгон кызыгуусу арткан сайын күчөп, бул тармакты өзүнүн негизги жолуна айланткан.
Жакында Бишкек шаарында өткөн чоңдор арасындагы Кыргызстандын чемпионаты Айтеңир үчүн өзгөчө маанилүү болду. Бул мелдеште ал күмүш медалга ээ болуп, Кыргызстандын курама командасынын катарына кирүү мүмкүнчүлүгүн алды. Спортчу бул жеңишке кубанганы менен, алдыда дагы чоң максаттары бар экенин белгилейт.

Чоңдор арасындагы Кыргызстандын чемпионатынын сыйлоо учурунан
Мелдешке даярдык Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп, спортчулар үч жума бою күнүнө эки маал машыгуу өткөрүшкөн. Талыкпаган эмгектин жана катуу тартиптин аркасында Айтеңир мелдешке мыкты даярдык менен барган.
Айтеңир буга чейин да бир катар мелдештерде ийгиликтерге жетишкен. Ал 17 жана 20 жашка чейинки балбандар арасында Кыргызстандын чемпиону болгон. Мындан тышкары, Азия деңгээлиндеги мелдештерге эки жолу катышып, бешинчи орунду багындырган. Учурда ал Кыргызстандын спорт чебери наамына ээ.

Жаш балбандын спорттук жолунда машыктыруучуларынын жана жакындарынын колдоосу чоң. Айрыкча анын биринчи машыктыруучусу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мелис Апылов Айтеңир үчүн өзгөчө орунду ээлейт. Спортчу аны өзүнүн “экинчи атасы” деп эсептейт. Машыктыруучу ар дайым туура кеңештерин берип, сабырдуулук жана талыкпаган эмгек чоң ийгиликтерге жеткирерин айтып келет.

Машыктыруучусу Мелис Апылов менен
Айтеңирдин айтымында, спорттогу эң оор учур – мелдеш эмес, машыгуу процессинин өзү. Күн сайын тартипти сактоо, туура тамактануу жана үзгүлтүксүз машыгуу спортчудан чоң чыдамкайлыкты талап кылат. Бирок ошол кыйынчылыктарды жеңе билген спортчу үчүн мелдеш жеңилирээк өтөт.
Жаш балбандын максаттары да чоң. Ал келечекте чоңдор арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, Азия жана дүйнө чемпионаттарында жеңишке жетүүнү каалайт. Анын эң чоң кыялы – Олимпиада чемпиону болуп, Кыргызстандын желегин дүйнөлүк аренада бийик көтөрүү.

Айтеңир Максатов атасы менен
Спорт менен машыгып жаткан жаштарга Айтеңир так максат коюп, талыкпай эмгектенүүнү кеңеш берет. Анын айтымында, жаман адаттардан алыс болуп, ата-эне менен машыктыруучулардын сөзүн угуу — ийгиликтин негизги ачкычы.
Даярдагандар: Рима Кубанова, Зубаржад Жалилова