Каракол шаарынан чыккан окуучу Жамиля Турдубаева эл аралык билим берүү тармагында чоң жетишкендикке жетишти. Ал Япониядагы UWC ISAK эл аралык мектебине 100 пайыздык грант утуп алып, дүйнөлүк деңгээлде билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.
Учурда Жамиля АКШда Future Leaders Exchange Program (FLEX) программасынын алкагында билим алып жатат.

UWC (United World Colleges) – 1962-жылы негизделген эл аралык билим берүү системасы. Анын курамына дүйнөнүн 17 өлкөсүндө жайгашкан мектептер жана колледждер кирет. Алардын катарында АКШ, Канада, Улуу Британия, Германия, Сингапур, Италия, Армения, Нидерланды, Норвегия, Индия, Босния жана башка мамлекеттер бар. Бул билим берүү мекемелеринде 16–17 жаштагы окуучулар үчүн эки жылдык алдын ала университеттик International Baccalaureate (IB) программасы англис тилинде окутулат. Сабактарды дүйнөнүн ар тарабынан келген жогорку квалификациялуу мугалимдер өтүшөт. Ал эми кабыл алуу процессине коомдук активдүүлүгү жогору, чыгармачыл жана демилгелүү жаштар катышат.
Бул грант таланттуу жана коомдук активдүү жаштарды колдоп, аларга эл аралык стандарттагы билим алууга мүмкүнчүлүк берүү максатын көздөйт.
Жамиля азыр АКШда FLEX программасы боюнча окуп, жашап жатат. Ал англис тилин тереңдетип үйрөнүү менен бирге мектептин коомдук турмушуна активдүү катышып, спорттук жана чыгармачыл долбоорлор менен алектенүүдө.

Анын айтымында, UWC тууралуу ал биринчи жолу 10 жашында уккан. Интернеттеги бир арт-блогердин видеосу аны шыктандырып, ушундай мектептердин биринде окуу кыялын жараткан. Ошондон тарта ал англис тилин үйрөнүүгө өзгөчө көңүл буруп, максатына карай тынымсыз аракет кыла баштаган.
Жамиля белгилегендей, грантка арыз берүү процесси бир топ татаал болгон. Ал талапка ылайык бир нече эссе жазып, маектерге даярданган. Ошол эле учурда бул даярдык анын өзүн тереңирээк таанып-билүүсүнө жардам берген.
Ал үчүн эң чоң кыйынчылык – убакытты туура бөлүштүрүү болгон. Себеби ал FLEX программасы менен АКШда окуп жаткандыктан, мектеп сабактарын, спорттук машыгууларды жана үй-бүлө менен байланышкан иштерди бирдей алып барууга туура келген.
Жамиля грант утканын 3-февраль күнү таңкы саат алтыда уккан. Алгач бул кабарга ишене албай калганын, кийин толкундануу менен абдан кубанганын айтып берди.
АКШдагы билим алуу Жамиля үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууда. Ал мектептеги клубдардын ишине активдүү катышып, теннис жана жеңил атлетика менен машыгууда. Анын айтымында, Америкадагы мектептер окуучуларга көбүрөөк эркиндик берип, өз алдынча чечим кабыл алууга жана лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Окуучулар предметтерди өздөрү тандап, ар кандай демилгелерди көтөрүп, идеяларын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк алышат.
Жамиля эл аралык программалар ага көп нерсени үйрөтүп жатканын белгилейт. Алардын ичинде ар түрдүү маданияттарды түшүнүү, адамдар менен тил табышуу, өзүнө ишенүү жана коркпостон аракет кылуу сыяктуу сапаттар бар. Анын пикиринде, ийгиликке жетүүдө так максат коюу, тынымсыз аракеттенүү, дисциплина жана чыдамкайлык чоң роль ойнойт.

Жаш окуучу жетишкендигине жетүүдө апасынын, эжесинин, АКШдагы мугалимдеринин, ошондой эле Каракол шаарындагы мугалими Эльмира Азланованын жана ProKG уюмунун колдоосу чоң болгонун белгиледи.
Жамиля кыргызстандык окуучуларга төмөнкүдөй кеңеш берет:
“Өзүңөргө ишенгиле. Кыялдарга жетүү мүмкүн. Ал үчүн тынбай аракет кылып, процесстен ырахат алууну үйрөнүү керек. Ката кетирүүдөн коркпогула, анткени ката – өсүүнүн жана үйрөнүүнүн бир жолу.”
Даярдаган:Зубаржад Жалилова