Ак-Талаа районунда өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук, суицидд, рекетчиликти жана үй-бүлөдөгү балдарга карата ырайымсыз мамилени алдын-алуу боюнча райондук штабдын отурум болуп, ага балдар менен биргеликте иш алып барган бардык мекемелердин өкүлдөрү, Ак-Талаа районунун прокурору Б.Акматов, социалдык кызматкерлер катышты.
Акимдин орун басары Каныбек Эсеналиев өлкөдөгү акыркы бир ай ичиндеги кейиштүү окуяларды белгилеп, өспурүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын-алуу иштерин көзөмөлдөп, ыкчам аракеттерди күчөтүү керектигин айтты.
Ак-Талаа райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын башчысынын орун басары Бакыт Осмонов жашы жете элек балдарга карата ырайымсыз мамиле жана үй-бүлөлүк зордук зомбулукту алдын алуудагы жасалып жаткан иштерге токтолду. Ал эми РИИБнүн башчысынын орун басары Бакыт Кылычбек уулу өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун саны азайгандыгын билдирди.
Мындан сырткары райондун прокурору Бийгелди Акматов мыйзамдар, балдардын укугуна байланышкан ченемдик укуктук документтер, Кыргыз Республикасы ратификациялаган Эл аралык мыйзамдар тууралуу маалымат берип, балдарды, окуучулардын коопсуздугун мугалимдердин, мектептин жоопкерчилигине гана таштап койбостон, жалпы коомчулук, коомдук уюмдар кошо биргеликте аракеттенүү керектигин баса белгиледи.
Барчын Мамытбекова