«Барскоон FM» жамааттык мультимедиа борборунда « Демократия сааты» долбоорунун алкагында Барскоон айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгү жөнүндө түз эфирде талкуу өткөрүлдү. Бүгүнкү талкуубузга Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтү Руслан Эшмамбетов жана аталган айыл өкмөттүн башкы юристи Муратбек Токтогонов конок болушту. Маектин жүрүшүндө Барскоон айыл өкмөтүнүн бир жылдык кирешеси, калкынын саны, жердин аянты, канча мекеме ишканалар бар экендигине кененирээк токтолуп өттү.
Мындан тышкары, Барскоон айылында айыл өкмөт тарабынан аткарылган иш аракеттер, жетишкендиктери жана кандай долбоорлор менен иш алып бара жаткандыктары туралуу да айтып өтүштү.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда
Даярдаган: Эрлан Абласов