«Демократия сааты» долбоорунун алкагында Барскоон FM жамааттык мультимедиа борборунда Барскоон айылынын «Барс-S» муниципалдык ишканасынын айыл тургундарына көрсөткөн кызматтары жөнүндө маек өткөрүлдү. Талкууга «Барс-S» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ислам Сааданбеков жана ишкананын башкы эсепчиси Бурмакүл Орозакунова келишти.
Маектин жүрүшүндө муниципалдык ишканалар жөнүндө кыскача маалымат, элден чогултулган сурамжылоо угузулду.
Мындан тышкары, ишкананын бир жылдык киреше-чыгашалыры, айыл тургундарына берилген жеӊилдиктер, айылдын өнүгүп- өсүүсүнө дагы кандай иш аракеттерди жасай тургандыгына кеӊири токтоло кетишти.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалган жана Кыргызстандагы Фридрих Эберт Фондунун тарабынан каржыланууда
Даярдаган: Эрлан Абласов