Жай мезгили көлгө түшүү,эс алуу гана болбостон, Барскоон айылынын тургундары үчүн өрүктүн сезонунун башталышы менен байланыштуу.Эл арасында айтылган «Сары кыздын тоюу » өрүктү сатуу мезгили дегенди билдирет.
Июль айынын орто ченинде айыл жашоочулары тыным албай эмгектенишет.Алардын бири багбан Муканбет Абданов быйылкы өрүк тууралуу айтып берген:
— Сары кызга даяр элебиз.Өрүк башталды,астын сатып атабыз.Өрүктү жакшы багып,жакшы өстүрүп алсак эле даярдык ошондо да.Товардык корунуш жакшы,өрүк чон-чон, даамдуу,сулуу, караласы жок болсо эле жакшы баа болот.Түшүм тууралуу алдын ала айтыш кыйын го.Жаны эле бир 25%ын үздүк.Баа кандай болуп калат ким билет.Бизде өрүк,алча,алма, алмурут бар да.Өрүктөн кийин алмурут башталат.Анан алмуруттан кийин алма башталат.Алып сатуучулар менен мамилебиз жакшы.Анын үстүнө бизде арбын да ошон үчүн алып сатуучулар коп келет.Алар менен тыгыз байланыштамын.Жайы- кышы өрүк,алма,алча алышат.Алар бизден,биз алардан кол үзгүбүз келбейт.
Бакчасында өрүктөрү бышып,сатууга даяр болгон үй кожойкеси Индира Байбосунова төмөндөгүлөрдү айтып өттү:
-Даярдыгыбыз жакшы эле.Абрикостор бышып атат.Жакын арада үзүп баштайбыз.Өткөзөлү деген оюбуз бар. Фура күтүп, камаз күтүп отурабыз.Өткөзүп,акчабызды балдарга жумшап,үйгө жумшайлы деп атабыз.Эми өткөргөнгө аракет кылабыз.Эгерде такыр эле өтпөй баратса,как жайганга туура келет.
Жайкы сезондо сары кыздын тоюу элибизге пайдасы тийип,түшүм мол,берекелүү болот
деген ойдобуз.
Даярдагандар: Бермет Алыбаева, Перизат Бекмурзаева