19-июлда Барскоон айылында кол күрөш мелдеши болуп өттү. Мелдештин катышуучулары Барскоон айылынын окуучулары болду. Кол күрөш мелдеши башкалардан айырмаланып көл жээгинде өттү.
Мелдештин уюуштуруучусу Нурмат Абдыкаев кол күрөшүн өнүктүрүү жана жаштарды спортко тартуу максатында уюштуруп жатат. Ал мелдеш үчүн атайын стандарттык столун да жасаганын билдирди:
«Кол күрөш мелдешин уюуштургандыгымдын себеби, 52кг дан 90 кг чейин болду. Биринчи кызыгуум, чет жакка чыкканда Барскоон айылынын жаш балдары кол күрөштөн чыга алышпайт. Ошол себептен кол күрөш мелдешин уюштурдум. Жаш балдардын бардыгы эле таланттуу балдар. Мен кичинекей кезимде мелдештер көп болсо катышмакмын. Көл жээгине пландагандыгымдын себеби, көлдө кызыккан элдер көп болот. Айылга уюуштуралы десек, айылда көпчүлүктүн жумушу бар. Ошондуктан көл жээгине уюуштурууну чечтим. Бул кол күрөш мелдеши Барскоондо биринчи эле жолу болуп жатат. Спорт жагынан келерки жылдардан баштап кыздар- балдар арасында уюуштурууну пландадым.
Женишке жеткен Урмат Жолдошбек уулунун спортко болгон кызыгуусу кичине кезинен эле арткан. Азыркы учурда үйдө машыгып келет. Ал 32 катышуучуну жеӊип, кубанычын биз менен теӊ бөлүштү:
“ Кол күрөшкө чыгам деп ойлогон эмесмин. Өзүм эле машыгуу кылам”.
Күйөрман Нурзада Касымбекова кол күрөш мелдешине абдан кызыгат. Кыздар арасында кол күрөш мелдеши болсо катышаарын кабарчыбыз Эрлан Абласовко билдирди:
“Мага негизи кол күрөш мелдеши жагат. Биякта кыздар ойнобогондуктан күн бүркөк болсо дагы өзүм келип көрүп жаткан учурум болчу. Кыздарды да ойнотсо абдан жакшы болмок”.
Мелдештин соӊунда жигердүү катышкандарга жана жеӊишке жеткендерге I, II жана III даражадагы дипломдор, медалдар тапшырылды.