Барскоон айылынын Маданият үйүнүн астында 2 боз үй тигилди.Боз үйлөрдүн сырткы көрүнүшү,жасалгасы окшош болуп,айыл тургундарынын көңүлүн бурууда.
Айыл тургундары боз үйдүн алынып келишине өз пикирин билдиришүүдө.Алардын бири үй бүлолүк медайым Гульмира Качиева өз оюн мындай деп билдирет:
«Алынып келинген боз үйлөргө көз карашым түз.Ушул боз үйлөргө жакшылыктар гана болсун.Жакшы мааракелер,Нооруз майрамы ,келе жаткан Эгемендүүлүк күнүндө кызмат кылат деп ойлойм.Элдин бардыгы эле жакшы көз карашта деп ойлойм.Айыл өкмөтүбүз жакшы иштеп жатат.»
Боз үйлөрдү алып келүүнү ишке ашырган «БарсS » муниципалдык ишканасынын жетекчиси Ислам Сааданбеков өз оюн билдирди:
Боз үйлөр айыл өкмөтүнүн бюджетинен өзгөчө кырдаалдар үчүн деп алынып келинди.Ар бир боз үй жеткирүү менен 75 миң сомду түздү.Боз үйлөрдү маданият үйүнүн алдына тигилгенинин себеби, элдер көрсүн дедик.Мурунку убактарда айыл өкмөтү алып жоготуп жиберди деген сөздөр болбосун деп тиктик.
Кыргыздын тарыхын даңазалаган боз үй Барскоон айылынын тургундары үчүн той,мааракелерде эле колдонсо деп тилейбиз.
Даярдаган:Эрлан Абласов