Назгуль сүрөтканада бизди сулуу, келбеттуу аял тосуп алды. Ал сүрөт салонун ээси Нурчайым Таштанбекова. Ал Аксы районундагы, Ак-Суу айылында төрөлгөн. Нурчайымдын өмүрлүк жары, бир уулу, эки кызы бар. Азыркы мезгилде Нурчайым шаардык бир сүрөткананын ээси, бул жерде сүрөт чыгаруу, монтаждөө жана башка компьютердик оюндарды сунуштайт.
“Биздин шаарда сүрөткана ачуу менин баламдын идеясы», – деп эстейт Нурчайым — «Анда ал студент болчу. Компьютерге башка жаштардай эле кызыкчу”. Ал учурда тез сүрөт чыгаруу санариптик фотоаппараттар сейрек кездешчү. Ошундуктан ата -энеси уулунун сунуштоосун колдошуп, ижарага имарат, компьютер, фотоаппарат сатып алышып, сүрөткана ачышты.
Буга чейин Нурчайым жолдошу менен иштөө үчүн Россияга барышчы эле. Топтогон акчаны Нурчайымдын үй-бүлөөсү сүрөт боюнча тейлөө бизнесине жумшашты. Балдары чоңоюп калганда, Нурчайымдын күйөөсү менен баласы Россияга кетишет, а кыздары менен Нурчайым сүрөткананы иштете башташат.
Жаштар жаңы технологияларга бат үйрөнөт эмеспи, ошондуктан Жанара менен Назгул жаштыгына карабастан сүрөт устачылыгына тез үйрөнүшүп кетишти. Ошентип Нурчайымдын үй-бүлөлүк бизнеси көңүлүнө толо баштады.
Арадан көп жыл өтпөй эле бул үй-бүлөө борбордук базардын жанынан жер тилкесин сатып алышты. Сүрөт жана компьютердик кызматтарды жарандарга көрсөтүү максатында ал жерде Нурчайымдын үй-бүлөөсү чакан имарат курушту.
Бүгүнкү күндө Нурчайымдын эки сүрөтканасы бар. Биринчиси, борбордук базарда — ал жерде Нурчайым эгектенет, экинчиси, шаардык кичи курулушта жайгашкан, ал жерде баласы жашоочуларга тейлоо ишин жүргүзөт.
Азыр балдары чоңоюп жана кыздары өз алдынча турмуш жолун таап кетишкен. Нурчайым сүрөткананы өзү иштетип жетишет. Ал сүрөт тартуу боюнча бардык компьютердик технологияларды билет.
Жаштарга Нурчайым Таштанбекова баштаган бизнесте тың, кадырыңар жан болушун каалайт. Ишеним менен эмгектекниш керек, ошондо гана максатыңарга жетесиңер. Коп окуш керек, эч качан уйрөнүү, окуу кеч эмес. Анын Нурчайымдын тажрыйбасы далилдейт.
Авторлору: Валентина Стремцова