27-май…Акыркы коӊгуроо…Кээ бирөөлөр класстан-класска бир тепкич көтөрүлсө,айрымдар ак мектеби менен коштошуп ,уядан учкан куштай турмуш деген чон ааламды көздөй бет алышат.
![20160527_104910[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_1049101-300x225.jpg)
Толкунданган окуучулар,көздөрүнө жаш алган бүтүрүүчүлөр жана аларды узаткан мугалимдер. Дал ушундай көз ирмемдери жана сезимдери менен бөлүшкөн “Жылдын мыкты бүтүрүүчүсү”Айтолкун Жакыпова көздөрүнө жаш алып,төмөндөгүлөрдү айтып берди.
![20160527_112455[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_1124551-300x225.jpg)
Ал сөзүндө:”Сезимдерим менен кантип бөлорүүмдү билбейм.себеби,мындай сезимдер бүтүрүүчүлөрдө гана болот.Башка бүтүрүүчүлөргө кааларым:алардын ак жолу ачылып ОРТнын жыйынтыгы жакшы чыгып,аттестатарын жалаӊ “5”менен алышын каалайм”.
Мыкты окуучуларга Макиш Узакбаевдин стипендиясы жана грамотасы берилип жатты. Мектептин аталышын алып жүргөн Казыбай Чылабаевдин да стипендиясы берилди. Ушундай стипендия алып,кубанып турган окуучулардын бири 11-класстын бүтүрүүчүсү Учкун Токтобеков төмөндөгүлөргө токтолду.
![20160527_112617[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_1126171-300x225.jpg)
Ал:”Абдан толкунданып жатабыз.Мындай такыр болгон эмеспиз.А бир окуучу өз уясынан учат.Ал туура шакка,туура бутакка барып конгондо ордун табат деп ойлойм.Башкаларга да туура бутакка конушуна тилектешмин”
Ушундай окуучулардын катарын толуктаган жылдын мыкты спортсмени Бактыбек Искаковго медаль,грамота тапшырылды.
![20160527_105142[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_1051421-e1464432712369-225x300.jpg)
Бүтүрүүчүлөрдү куттуктап “Арууке danse”бий тобу бийлеп,чакан концерт уюштуруп беришти.
![20160527_094246[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_0942461-300x180.jpg)
Ата-энелер,мугалимдер жана айылдын ардактуу тургундары бүтүрүүчүлөрдү куттуктап аларга ийгилик каалап жатышты.
![20160527_090837[1]](http://barskoon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/18/2016/05/20160527_0908371-300x180.jpg)
Даярдаган:Алина Турдалиева,Адил Асангазиев