Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы көп жылдан бери иштеп келе жаткан фельдшердик-акушердик пункту (ФАП) оңдолуудан өттү. Учурда айыл тургундары коркунучсуз дарыланууда.
ФАПтын медайымы Катча Жумабаеванын айтымында, мурдагы абалы начар болгонуна байланыштуу айыл тургундары башка жерге барып дарыланып келишчү.

«Учурда ФАПтын абалы жакшы эле, түшүп калган полдору, ошондой эле үстүнөн суу өткөн чатыры оңдолду. Оңдоо иштерин Айнагүл Бектаимова жүргүздү», — деп айтты Жумабаева.
Ооган-Талаа айылынын тургуну Зейнеп Курманбекова ФАПтын абалынан кооптонуп башка жерге барып дарыланып келген учурларын көп болгонун айтат.
«Бирок азыр жакшы, полдору оңдолуп барганда кеңири басып жүрүп калдык, оңдоп берген адамдарга чоң рахмат!», — деп айтты Курманбекова.
Автору: Адилет Канат уулу
Редактор: Айназик Бообекова
Сынак үчүн
Телефондон жазылды