Абдылда Аралбаев мектебинде бүтүрүү кечеси менен биргеликте мындан 50 жыл мурун бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр менен жолугушуу кечеси болуп өттү.
Быйыл мектепте 31 окуучу бүтүп жатат. Класста 14 бала 17 кыз окуйт, анын ичинен 10 окуучу — жакшы, 4 окуучу — эң жакшы деген баалар менен окушту.
Мектепте биринчилерден болуп «Алтын тамга»(ред. буга чейин кызыл аттестат берилсе, 2015-2016-окуу жылынан баштап ал «Алтын тамга» деп аталды) менен Айсулуу Ногойбаева бүтүрүп жатат.
Ачык асман үстүнө илинген коңгуроо бүтүрүү кечесинин көркү болуп турду.
Мындан 50 жыл мурун Куланак мектебинен бүтүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектепке чогулушуп, жолугушуу кечесин уюштурушту. Жолугушуу учурунда Ак калпакчан аталар, ак элечек апалар өз калоолорун бүгүнкү биздин келечек болгон бүтүрүүчүлөргө айтып жатты. Бүтүрүүчүлөр менен 50 жылдык той ээлерин куттуктап Элмурат жана Асел Касымакунова өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Бул күнү жаан жааганына карабастан эл көп чогулуп, маанайлары ачык болду.
Бүтүрүүчү класстын жетекчиси Айжан Койчуманова бүтүрүүчүлөргө каалосун айтып кетти.
«Менин классым абдан ынтымактуу класс. Ушунусунан жазбай мындан ары да ынтымактуу болушса дейм. Баарына кааларым, алдыдагы келе жаткан Мамлекеттик экзамендерин ийгиликтүү тапшырышсын жана келечекке даңгыр жол», — деди ал.
Ийгилик сага бүтүрүүчү.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева
Сынак үчүн