Үгүт айылындагы М. Баетов атындагы орто мектебинде окуучулардын ысык тамагы үчүн көмөкчү чарба түзүлгөн. Тактап айтканда 30 сотых жерде жашылча жемиштин дээрлик көп түрүн: капуста, кызылча, сабиз, ашкабак, баклажан өстүрүшөт.
Бул гана эмес алманын жана алмуруттун көчөттөрү тигилген.
Аталган иштер Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын негизинде колдоого алынган. Ал эми буларды айдап-себүү, багуу, убагында карап сугаруу өңдүү иштерди жалпы мектеп жамааты бирге жасайт.
Сугаруу демекчи, жашылча-жемиш аянты тамчылатып сугаруу ыкмасы менен ишке ашат.
Бул тууралуу мектеп директору С.Абдраева «кенже класстарга башында чай нан эле берилген болсо, кийин жергиликтүү бийлик менен бирге бул маселени көтөрүп чыгып, тамак-аштын менюсун бирге түзүп чыктык» дейт.
«Ошондо ар бир окуучунун курсагы 10 сомго тойгузууга болорун билдик. Ата-энелерге күч келтирбейли деп Бүткүл Дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазсак колдоого алынды. Анан минтип көмөкчү чарбаны баштадык”, — деп билдирди Абдраева.
Мектепте билим-тарбия берүүдөн башка дагы чарбалык иштерди демилгелүүлүк менен аткарып жаткан мугалимдердин иши мактоого татырлык.
Даярдаган: Г. Мамытбекова