Бакай-Ата айылында жолдорду оңдоп-түзөө маселеси козголуп эски көпүрөнү жаңыртышууда. Көпүрөнү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) каржылоодо.
Бул жолдон күндө өтүп жүргон айдоочулардын бригадири Кенжетаев Бакболот өз оюн мындай деп билдирди.«Мен ойлойм бул өзү үч кундүк жумуш деп курулуш иштери көпкө созулуп кетти. Ошол убакыттан бери биз өзүбуздун автобекетке кире албай жатабыз. Оорукананын жанынан жүргүнчүлөрдү топтоо бизге ыңгайсыздык жаратып жатат.Көпүрө курулушунда иштеп жаткандардын бири өз оюн мындайча билдирип өттү.
«Биз куруу иштерин эки жуманын ичинде бүтүрүп коёбуз. Азыр бизге бардык жабдыктар жетиштүү. Дүйшөмбү күнү монтаж иштерин баштайбыз. Айрым учурда жаан жаап калганына байланштуу куруу иштери созулуп кетти», — деди ал.Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Исабеков көпүрөнүн курулушун ӨКМ каржылаганын айтты.
«Бизге бул курулуштар боюнча элдерден сунуштар келип түшкөн. Себеби сел жүргөндө агымы туура эмес болгондуктан багытын түздөө максатында курулууда», — деп билдирди Исабеков.
https://www.youtube.com/watch?v=FxHelnzmicY&feature=youtu.be
Даярдаган: Назми Мухамедова
Сынак үчүн
АСе