27-майда катуу жааган жамгырдан улам, Кадамжай районунун айрым айылдарында сел жүрүп, адам өмүрүн алган учурлар катталды. Мындан улам Үч-Коргон айыл аймагынын аймагында да өзгөчө кырдаал жарыяланды.
Бул тууралуу Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Ахматжан Абдурахмановдунбилдирдирди.
Анын айтымында, айыл аймакта орун алган Валакыш айылындагы дарыянын суусу ташып, аянты 700 гектардан ашуун эгин жана үлүш талааларын сел каптаган. Бирок сел эч кандай үй-бүлөгө зыян келтирген жок. Учурда элдердин канча зыян тартканы эсептелүүдө.
Суу каптаган жана бузулган дарыя жээктерин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) жана айыл аймак кызматкерлери калыбына келтирүүдө.
![DSC_0971[1]](http://uchkorgon.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/6/2016/05/DSC_09711.jpg)
Ошондой эле 27-май күнү токтотулган таза суу 28-май күнү кайра элге бериле баштады.
Белгилеп кетсек, 27-майда Кадамжай районунун Орозбеков жана Кызыл-Булак айыл аймактарында катуу жааган жаандан улам селден каза болгон үй-бүлөлөргө Президент Алмазбек Атамбаев 100 миң сомдон акча бөлгөн.
Даярдаган: Мохина Мусаева
Сынак үчүн