Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 2005-2006-окуу жылында аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрү окуган мектебине спорттук кийим жана волейбол, футбол оюндары үчүн топторду белекке беришти.
Мектептин аты жазылган кийимдерди кийген окуучулар келген элдин алдында чакан жүрүш жасады.
Бүтүрүүчү Ринат Абдиев “окуучулар аралык өткөрүлгөн райондук спорттук иш-чараларда биздин балдардын ар түрдүү формасын көрүп жүрөбүз. Жана сабакта, бош убактарда ойнойлу десе топ жок болуп калган учур көп болот” деп сөз сүйлөдү.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова