Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде акыркы коңгуроо салтанаты мугалимдердин, ата-энелердин, окуучулардын, 10-20-жылдык бүтүрүүчүлөрдүн жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда белгиленди.
Көпчүлүктүн колдоосу менен 11-класстын окуучулары жана 10-20 жылдык бүтүрүүчүлөр салтанат аянтына чакырылды.
Мектеп директору иш-чараны расмий ачкан соң куттуктоолор айтылып, алдыңкы мугалимдерге, окуучуларга грамоталар тапшырылды.
Мындан көп жылда мурда бүтүп кеткен окуучулар да агай-эжелеринин берген билиминин натыйжасында мыкты адам болуп калыптанганын баса белгилешти. Ал эми 1-класстын окуучулары ыр-бий тартуулашып, келгендердин маанайын көтөрүштү. Салтанат салт болуп калгандай коңгуроо добушу менен соңуна чыкты.
“Эркин микрофон” берилгенде бүтүрүүчүлөр мугалимдерине, ата-энелерине ыраазычылык билдиришип, келечектин мыкты ээлери болоруна убада беришти.
Белгилей кетсек, быйыл мектепти 35 бүтүрүүчү аяктап жатат.
Даярдаган: Калида Кубанычбекова