Бүгүнкү күндө дүйнө боюнча зордук-зомбулуктун күч алган учуру. Бул жылы пандемия шартында дагы зомбулук күч алды. Барскоон айылынын «Аялдар комитетинин» төрайымы Динара Дүйшекеева зордук-зомбулук көп учурда эң жөнөкөй нерседен келип чыгат деген пикирде.
Динара айымдын айтымында үй- бүлөдөгү түшүнбөстүк, сөз көтөрө албастык, таарыныч, жалган маалымат жана ушак сыяктуу нерселер чоң маселеге айланып кетип жатат.
Барскоон айылынын «Аялдар комитетинин» төрайымы Динара Дүйшекеева
«Мен иштеп жатканда өзүбүздүн айылда эле кичине ушундай чыр- чатактар болуп, зордук-зомбулук көрсөткөн болду. Ошол учурда келин үйүнөн качып калат экен, үйүнө киргенден коркот экен. Балдарын жетелеп туугандарына барып жардам сурап калат экен, капалуу болот экен, көп учурда эч ким менен сүйлөшкүсү келбейт экен. Сен мындай зордук-зомбулук көрсөтүп кол көтөргөнгө болбойт, мунуң туура эмес деп сүйлөшүүлөрдү жасадык. Ошентип жүрүп, ошол үй-бүлө кайра бири-бирин кечиришип толук кандуу жакшынакай үй-бүлө болуп жашап кетишти».
Зомбулуктун кесепети жаш өспүрүм балдардын арасында да болуп жаткандыгы өкүндүрөт. Үй-бүлө ортосундагы мамилелерди жакшыртуу үчүн жаштар арасында окутууларды күчөтүү керек деген оюун айыл тургуну Аманкан Мамбетова ортого салды:
Айыл тургуну Аманкан Мамбетова
«Кыргызстанда жаштарды жумуш менен камсыз кылуу керек. Үй-бүлөлүк мамиле деген сабактарды жаштар арасында көбүрөөк өтүү керек. Мисалы үчүн медиктер деле өтсө болот, мектепте деле өтсө болот, окуу жайларда деле өтсө болот. Жаштар үчүн бул маалымат керек да. Ажырашуу азыр көп болуп жатпайбы, ошол зордук-зомбулуктан куурагандан анан анан кетип калып жатышат да кыздар-келиндер».
«Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров билдиргендей,
негизги зордук-зомбулуктун келип чыгуучу бирден-бир себептери өлкөдөгү экономикалык абал, коомчулукта болуп жаткан саясий кырдаал, социалдык көрүнүштөр, социалдык тармактар, ички миграциянын негизги баскычтары зомбулукка таасир этчүү көрүнүштөр болуп келген.
«Эркектер зомбулукка каршы» коомдук фондунун жетекчиси Марат Алиаскаров
«Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бул коомчулуктун келбети деп койсок болот. Мунун таасири өтө чоң. Анткени зомбулукта өскөн балдар келечеги да тар болуп калат да. Бул зомбулукту жок кылыш үчүн биринчиден мамлекеттик кандайдыр бир программалар иш жүзүнө ашырышыбыз керек. Социалдык тармактарда, жалпы маалымат каражаттарында кандайдыр бир роликтер, атайын программалар иштелип чыгып ошону жалпыга бериш керек».
Ал эми адамдар зордук-зомбулукка кабылгандан кийин эмес, ага чейин алдын ала жардам берүү иштерин көбөйтүү керектигин Марат Алиаскаров кошумчалай кетти.
«Көп учурда биздин уюмдар, социалдык органдар бул пост факты менен иштешет. Мисалы, зомбулук болду ошондон кийин иштей башташат. Жардам берип ал адамды кандайдыр бир кризистик борборго жайгаштырып, психологиялык, финансылык,юридикалык жардамдарды берип баштайт. Алдын алуу боюнча аз иштейбиз. Үй-бүлөлүк баалуулук көтөрүлө турган атайын окутууларды алып барышыбыз керек.
Үй-бүлө институтун жогорулатышыбыз керек. Көп учурда биздин коомчулукта, үй-бүлөдө келип чыккан зомбулуктун баары бул коммуникациянын туура эмес колдонгонунан же анын жоктугунан келип чыгат. Өзүнүн оюн так жана жеткиликтүү чагылдыра албагандыктан көп адамдар ошол сөзү жетпей зомбулукка дуушар болушат».
Гүлкайыр Осмоналиева