Кыргызстанда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан аялдарды жана балдарды коргоо боюнча бир катар мыйзамдар бар. Бирок стереотиперден улам үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук ачыкка чыкпай келет деген оюн айтты гендердик адис Элиза Аджиева.
«Зордук-зомбулук боюнча улуттук дагы, эл аралык дагы мыйзамдар бар экендигине карабастан бул көрүнүш азайбай келет. Анткени зомбулук үй-бүлөдө болгондуктан ал коомчулукка чыкпайт».
Акыркы учурларда өлкөдө аялдарга жана балдарга карата зомбулук күн санап өсүүдө. КРнын ИИМ маалыматына караганда зомбулуктун курмандыгы болгондордун 95% аялдар. Ал эми үй-бүлөдө аял менен бирге зордук-зомбулукка балдар дагы кабылат.
Зомбулук балдардын тагдырына балта чабат. Алардын жашоосуна жана саламаттыгына терс таасир тийгизгенден тышкары, зомбулук балдардын эмоционалдык абалына жана келечегине да чоң коркунуч жаратат. Анткени, ал муундан-муунга өтүшү мүмкүн». Мындай пикирди Баетов айылынын тургуну Айнура Султанмуратова билдирди.
«Зордук-зомбулук аялдардын да балдардын да тагдырына балта чабат. Ден-соолугуна терс таасирин тийгизет. Келечегине чоң коркунуч жаратып жатат. Менин оюмча зомбулук муундан- муунга өтүшү мүмкүн. Анткени, зомбулук көргөн бала кийин кадыресе көрүнүш катары кабыл алып, башкаларга зомбулук көрсөтүшү мүмкүн».
Учурда адистер зомбулуктун төрт денелик, психикалык, сексуалдык жана кызыкчылыктар менен эсептешпөө өңдүү түрлөрүн белгилеп келүүдө. Бирок баарынын тең зыяны окшош дейт Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин мугалими Жыргал Кожоева.
«Зомбулуктун абдан көп түрлөрү бар. Бирок алардын таасири окшош эле. Анткени зордук-зомбулукка баргандардын айрымдары өздөрүн өлтүрүүгө барса, балдар жаман жолго түшүп кетишет. Ал эми зомбулук көрсөтп жаткан жолдошун коргонуп жатып өлтүрүп алган аялдар “киши өлтүрүү” деген оор берене менен соттолуп кетишет. Алар акталбайт дагы. Демек биздин өлкөдө аялдарды укуктук дагы, моралдык дагы колдоо жок. Өкүнүчтүү».
Ал эми Ак-Талаа районундагы Кадыралы айылынын тургуну Мират Шерматов үй-бүлөдө зордук-зомбулукка жол бербейли дейт.
«Шариятта аялдарды бизге Аллах аманат деп айтылат эмеспи. Аны эсибизден чыгарып, кыянаттык кылып, эркектер зордук-зомбулукка жол берип жатабыз. Алар үйдүн куту, балдарыбыздын энеси экенине карабай зөөкүрдүк мамиле күндөн күнгө көбөйүп баратат. Зордук-зомбулук көрсөткөн эркектин тукумуна доо кетет. Анткени аял ошол эркектин тукумун улоочу ыйык адам,ал эне, ал карындаш же эжебиз. Ал эми балдар үй-бүлөдө зордук-зомбулук дегенди билбей көрбөй чоңоюшу керек».
Аялдарга жана балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн жарандарга жазаны күчөтүү боюнча мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча бир катар сунуштар айтылганы менен ал ишке ашпай келет. Ошондой эле укук коргоо органдары үй-бүлөлүк чыр-чатак катары кабылдагандыктан аларга ишенич аз дейт Элиза Аджиева.
«Зомбулук көргөн аялдар деле балдар деле укук коргоо органдарына жардам сурап кайрылышпайт. Андан көрө коомдук уюмдарга кайрылышы мүмкүн. Алардан ар кандай кенештерди ала алышат. Ал эми укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Анткени үй-бүлөлүк чыр чатак деп белгиленип, эч ким мыйзамдуу жаза албайт».
Аялдар үчүн дагы, балдар үчүн дагы зордук-зомбулук ден-соолугуна, келечегине терс таасир берет. Демек алдын алуу үчүн мамлекет мыйзам чегинде коргоого жана колдоого алуусу зарыл.
Элеттик айымдарды ар тараптан колдоо керек
Барчын Мамытбекова