Суусамыр өрөөнүнүн тургундары айылда кыздарга, айымдарга арналган атайын борборлордун, ишканалардын жок экендигине нааразы. Элеттик кыздар өзүн-өзү өнүктүрүүгө ийримдердин айылда жок болушу абдан чоң жетишсиздик деп эсептешет.
“Мисалы биздин айылда балдар үчүн футболдук аянтча, күрөш залы бар. Ал эми кыздар үчүн мындай борборлор жок. Балким кондитердик же тил үйрөнүү курстары, андан тышкары бий ийрими болсо кыздарга деле жакшы болмок да. Алар да жашынан тартып өнүгүүгө укуктуу деп эсептейм”, -дейт айыл тургуну Нуркыз Асанканова.
Улуттук статистикалык комитеттин 2020-жылдын сентябрь айындагы маалыматына таянсак, өлкөдө 79 миң адам официалдуу түрдө жумушсуз деп аныкталган. Суусамыр өрөөнүндө да калыктын жумушсуз бөлүгү басымдуулук кылат.
Тактап айтканда, элет жеринде жашаган айымдардын көпчүлүгүнүн жумуш ордунан мүмкүнчүлүгү чектелүү. Алар убактысынын дээрлик басымдуу бөлүгүн үй оокаттарына, короо иштерине жумшашат. Айыл жеринде аялдарды өнүктүрүүгө багытталган жумуш орундарынын анын ичинде ар түрдүү борборлордун жоктугу аларды үй оокаты менен гана алектенүүгө аргасыз кылат.
Мындан сырткары, негизи эле айылда ишканаларды, ар түрдүү борборлорду ачуу сөзсүз түрдө керек деп эсептешет. Эгерде аялдар үчүн жумуш орундары түзүлсө өнүгүүгө да түрткү болмок дешет.
Зыйнат Самар кызы