Кыз менен уул баланы тарбиялоодо айырмачылыктар барбы? Аларга эки башка тарбия берүү керекпи? Же экөөнө бирдей тарбия берүү абзелби? Жогорудагы кокустуктан берилген суроого сиздин жообуңуз кандай?
Алгач, үй-бүлөдө уул жана кыз баланы кандай тарбиялоо керек деген сурамжылоого катышкан айыл тургундарынын жоопторуна бирге күбө болсок.
«Негизи үй-бүлөдө эркек бала -эшиктин жумушун жакшы билиши керек. Мисалы, кой союп, отун жарып дегендей. Ал эми кыздар үй оокаттарынын бардык жумушун жакшы өздөштүрсө, кийин турмушунда ошол нерселер кездешет. Ошого кыз бала даяр болушу керек.
«Мени атам бала кезимде катуу сабачу эле. Ошол менин жүрөгүмдө калыптыр. Эч унута албай койдум. Негизи, жакшы сөз жыланды ийинден чыгарат деп коет го. Балага деле жылуу жумшак мамиле кылып, жай отуруп түшүндурсө, бул жакшы мисал болот деп ойлойм да».
«Ата-энелер эч качан бизди жаман болушубузду каалабайт. Бизге туура эмес жолду көргөзгүсү келбейт. Бирок беш кол тең эмес, бул жашоодо азыркы учурда туура эмес адамдар да бар. Бирок, анын баары тең эле убактылуу нерселер деп айтса болот. Бардык нерсе өтөт-кетет. Алар да бир күнү келип түшүнүшөт деген ойдомун.»
«Көпчүлүк ата-энелер балдарын мындай болушуң керек, тигиндей болушуң керек, элдин балдары деген калыпка салынып калган сөздөр менен тарбиялашат. Мисалы, эркек балдарга сен үйдүн кожоюну болосун деген жоопкерчилик жүктөлөт. Эркек балдар, бала кезинен ошол сөздөр менен чоңоюп, эр жеткенде аны аткара албаса өздөрүн күнөлүү сезишет».
Азимкул Жаныгулова Барскоон айылынын тургуну. Үч баланын мээримдүү энеси. Балдары бой жетип, өз максаттарына жетип жатканына кубанычын жашыра албаган эне, баланы тарбиялоо татаал, ар кырдуу процесс дейт. Ата-эне баласы үчүн туура тарбия жана жөндөмүнө жараша багыт бергени анын келечеги үчүн абдан маанилүү деген ойдо.
Азимкул Жаныгулова
«Мен эсимде, кызымды кичинекей кезинде, аны кыйнап туруп эле комуз ийримине берип койдум эле. Ал комуз ийримине барат. 3-5 класстар аралыгына барып жүрдү, сертификат алды. Бирок, кийин таштап койду. Ошону кийин кайра уланткан жок.»
Бирок, Азимкул айымдын кызы комузду таштап койгону менен балалык кыялында англис тилин терен өздөштүрүп, ага байланыштуу максаттардын тизмегин да түзүп жүргөн эле.
«Сен ошону окуй аласынбы дедим. Чындыгын айтканда, мектепте англис тилинин денгээли анча эмес да. Тийиштуу денгээлде уйрото алышпайт.Курстарга барам деп калды анан мен мейлин дедим, мейлин барсан барып байкап кор. Бизде бир курстар ачылды эле ошол жака жибердим.Жиберсем эле бир куну келиптир мага сотка сатып бериниз мен соткадан англис тилин уйронот элем деп. Анан сотка сатып берсем кечке эле соткада отуруп калды.Анан мен уруша баштадым сен эмне кечке эле сотка карап отурасын деп. Анан бир куну тун ичинде комнатасына кирсем сотка карап отуруптур. Анан мен аны карап эле социалдык сетттерде отурган экен деп ойлосом, курстан бир приложения кочуруп алыптыр ошону карап отуруптур. Ошондо анан мен кызымдын тил жагын тандап жатканына ишендим.»
Айдай Кудайбергенова
Кызы күн-түн дебей тил үйрөнүп жүрүп, азыр беш тилди өздөштүрүп, чет мамлекеттерде окуп, сүйгөн кесиби менен иштеп жатканына сыймыктанган каарманыбыз бала тарбиялоодо ата-энелер дагы бир ката кетиребиз дейт. Ал үй оокаттарын үйүп коюу. Эгер балам билимдүү, бактылуу болсун десеңиз, балага ченеми менен оокат кылдырып, өзүн өнүктүрүүгө убакыт болуп, шарт түзүп берүү маанилүү.
Гендердик эксперт Гульнара Ибраева, уул-кыздарыбыз келечектеги кесибин тандоодо же башка чечим чыгарууда, ата-энелер аларга чек койбой, багыт беруучу болушу керектигин баса белгилейт. Ал жогорудагы каармандын абалына карата ата-энелерге төмөндөгүчө кеңешин берет.
Гульнара Ибраева
«Кээ бир учурда ата-энелер жаш кезинде энсеген бирок, жетпей калган кесиптерди, окуу жайларды сунуштайт. Баланын жөндөмүн карабайт. Кээ бир учурда тааныштары болуп өтүүгө жардам эткен жерлерди издешет. Же болбосо кандайдыр бир башка баланын жөндөмдөрүнө таандык эмес факторлорду карап, ошого жараша баланы үгүттөп же болбосо мажбурлап кайсы бир кесипке, окууга киргизип коет. Көп учурда кесипкөй болуп чыгып, ал балдар дипломун алып келип, эч качан ал дипломун иштетпейт. Анын узүрүн көрбөйт же болбосо дагы ага кызыкчылыгы жок. Мотивациясы өнүгүүгө жок өзү алган билимдин денгээли төмөн, ошондуктан мыкты адис боло албайт. Бактылуу болгонго кандайдыр бир тоскоолдук кылат.»
Адистер, күнүмдүкк турмушта баарлашуунун жоктугу үй-бүлөдө бири-биринин кыялын, каалоосун түшүнбөстүккө гана алып келбестен, алдыңкы жылдардагы турмушуна да чоң таасир берерин билдиришет. Баарынан мурда бала тарбияны ата-энесин угуп жатып эмес, карап жүрүп аларын эсиңиздерге салабыз.
Даярдаган: Гүлкайыр Осмоналиева