Барскоон айыл өкмөтү Кыргызстандын аймагындагы өнүккөн айылдардын катарын толуктап келет. Албетте, өнүккөн айылдардын катарын толуктоо үчүн айыл өкмөттүн жана жергиликтүү калктын салымы зор. Алдыда, айыл өкмөт тарабынан аткарылып жаткан иштер туурасында баяндайбыз.
Кыргызстан боюнча жергиликтүү кеңештин депутатттарынын шайлоосу болуп, андан соң айыл өкмөт башчылары шайланды. Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы болуп Бакыт Асанов шайланып, кызматта иш баштоосуна 54 күн толду.
Бул убакыт аралыгында айыл ичиндеги көйгөй жаратып келген таштанды маселеси чечилди. Бул боюнча Барскоон айыл өкмөт башчысы Бакыт Асанов төмөнкүлөргө токтоло кетти:
«Айыл ичиндеги таштандыны ташый турган машина эскилиги жетип, керектен чыгып калган. Ал иштебей турган. Айыл ичинде таштандылар көбөйүп, эл таштандыны өзү ташый баштаган. Мунун кесепетинен таштанды төгүлүүчү жайдын тегереги да абдан ирээтсиз болуп кеткен. Ушул маселени чечүү үчүн айыл тургундары менен сүйлөшүп, демөөрчүлөр тарабынан таштанды ташый турган бир авто унаа жана бир трактор алынып келди. Бүгүнкү күндө экөө тең иштеп ирээтке келип калды».
Барскоон айылы район боюнча чоң айыл болгондуктан ичүүчү таза суу маселеси да жок эмес. Мурдагы суу сактагыч аркылуу элге берилген суу карапайым калкты толук камсыздай албай келген. Мындан улам, айылга экинчи суу түтүкчөсүн тартып кирүү маселеси көтөрүлүүдө. Бул көйгөй жакынкы арада чечилип калат деген үмүтүн айыл өкмөт башчы Бакыт Асанов билдирди.
«Экинчи суу тартуу түтүкчөсү айылдан болжол менен 11 км аралыкта түзөт деп айтып жатышат. Ал суунун курамы текшерүүдө эң таза, ичкенге жарактуу деп табылып, жыйынтыгы чыгарылган. Биздин тапшырма менен 15-16 — августта коммиссия мүчөлөрү келип мөңгүлөрдү текшеришет. Алар дагы канча жыл агып берет жана канча жыл акты деген маалыматты текшеришет. Өз корутундусун туура деп чыгарып берсе анда ушул жылы ишти баштайбыз деп турабыз».
Ичүүчү таза суу маселесин дагы бир жагынан жакынкы арада чечүү жолдору табылган. Долбоордун негизинде айылдын үстүнкү башына 50 кубдук суу сактагыч салынып жатканын ИСКАКБ «Таарылга-Булак» муниципалдык ишкананын жетекчиси Ысмайыл Иманалиев билдирди:
«50 кубдук суу сактагыч 3 миллион 900 миң сом өлчөмүндөгү каражатка салынууда. Бул суу сактагыч курулса Аккоргон, Жаштык жана Геология жаңы конуштарында ичүүчү таза суу маселеси жок болот деп ишенем. Азыркы күндө куруу иштеринин 70-80% бүтүп калды. Кудайым буюрса августун аягында элге таза суу беребиз деген үмүттөбүз».
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Материалдын мазмунундагы ой-пикирлер фонддун кѳз карашын чагылдырбайт.
Гүлкайыр Осмоналиева