Баетов айылдык кеңешинин депутаттарынын кезексиз 5-отуруму өтүп, анда бир канча маселелер каралды. Алсак, таштанды төгүүчү полигон, шагыл, малдын өлүгүн таштоочу жай, мал базар, балык өстүрүүчү жер жок болгондуктан жайыт жерлерди которуштуруу, муниципалдык бош жаткан жерлерди кайсыл бир мөөнөткө чейин түз сатууга мораторий киргизүү ж.б ушу өңдүү маселелер коюлду.

Депутаттар күн тартибин кароодо

Айрым маселелер кайрадан карап чыгуу үчүн жиберилди

Сессиянын күн тартибинде Баетов айыл аймагында таштанды төгүүчү полигон, шагыл, малдын өлүгүн таштоочу жай, мал базар, балык өстүрүүчү жер жок болгондуктан жайыт жерлерди которуштуруу, муниципалдык бош жаткан жерлерди кайсыл бир мөөнөткө чейин түз сатууга мораторий киргизүү ж.б ушу өңдүү маселелер коюлду.

Руслан Абышбаев жергиликтүү кеңештин депутаты
Депутат Руслан Абышбаев балык өстүрүү үчүн жайыт жерлерин которуштурууга айыл тургундары жана жайыт пайдалануучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керектигин билдирди.

Сатар Каленов жергиликтүү кеңештин депутаты
Ал эми Сатар Каленов күн тартибиндеги 2-маселе боюнча муниципалдык менчиктеги жерлерди тактаганга чейин түз сатууга убактылуу мораторий киргизүү сунушун айтты. Депутаттар бул сунушту бир добуштан колдоого алышты.

Алмаз Абдылдаев Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Алмаз Абдылдаев «1 жылга убактылуу мораторий киргизүү зарыл. Анткени ал жерлерге кийин эс алуучу же балдар ойноочу жайлар салынышы мүмкүн. Сатып алууну каалагандар көп. Кийин жер таппай калышыбыз мүмкүн» деп кошумчалады.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Барчын Мамытбекова