Нарын районуна караштуу Куланак айылында коомдук угуу болуп өттү. Чогулушка айыл эли жана мекеме жетекчилери катышып, 2022 — жылдын бюджетин туура пайдалануу үчүн сунуш — пикирлер айтылды.
Куланак жана Учкун айылдарында 2022-жылдын бюджетинин долбоору жана 2021-жылдын башынан калган акча каражаты боюнча коомдук угуу өттү.
Коомдук бюджеттик угууну өткөрүүнүн максаты айыл элинин бюджеттик процесске катышуусун жана бюджетти түзүүдө элдин пикиринин эске алынышын камсыз кылуу, акча каражаттарынын бөлүштүрүлүшүнө жана колдонулушуна коомдук көзөмөлдүү күчөтүү. Ошондой эле, айыл элин бюджет жөнүндө маалымат менен тааныштыруу, элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу.
Жыйналышты Учкун айыл аймагынын айыл өкмөтү Эркин Өмүрзаков ачты.
Андан кийин жергиликтүү бюджеттин чыгаша жана киреше бөлүктөрүн тааныштыруу үчүн Учкун айыл аймагынын салык адиси Саламат Жээналиев сөз алды.
Жалпы жыйналыштын катышуучулары жарыш сөзгө чыгышып, Куланак айылындагы көйгөйлүү маселелерди айтышып, аны чечүү жолдорун да карашты.
Айыл тургуну жана Аралбаев мектебинин тарых мугалими Таалайбек Нурдинов өз сөзүндө айыл эли үчүн шагыл тартуу үчүн уруксат кагаз алып берүүнү суранып өттү. Себеби, жакынкы жылдар аралыгында ГЭС курулуп калса шагыл тарткан жерлер суу астында кала тургандыгын баса белгиледи.
Жооп катары айыл өкмөтү бул сунушту экология бөлүмүнө жеткирүү менен чечим чыгартып берүү үчүн жергиликтүү кеңешке сунуштаарын айтты.
Жергиликтүү кеңештин депутаты Назгүл Жумалиева бюджетти бөлүштүрүүдө казынага акча калтырып коюуну сунуштады. Себеби инвестиция тартууда жергиликтүү салым үчүн акча каражаты болуп туруш керек экенин айтып өттү.
Коомдук угуунун жыйынтыгында, ички жана жөө жүргүнчүлөр үчүн жолдор, жарыктандыруу, таза суу, кампа, корук маселелери ортого коюлуп, чечүүдө элдин пикири эске алына тургандыгы айтылды.
Бул материал Фридрих Эберт атындагы Кыргызстандагы Фонд тарабынан колдоого алынды. Мазмунундагы ой-пикирлер фонддун көз карашын чагылдырбайт.
Айзат Түмөнбаева