Күндөн-күнгө автоунаалардын көбөйүшүнөн улам унаа жуучу жайларга муктаждык жаралат. Барскоон айылында мындай жайлардан бирөө болсо дагы–дагы кардарларды тейлеп, өз иштерин улантууда.
Бул жер айыл өкмөтү тарабынан колдоого алынып, айылды шаар кылуу максатында ачылган. Так ушул жайдын ээси жергиликтүү ишкер Мирлан Шаймерген уулу бир жылдан ашуун убакыттан бери иштетип келет. Ал өз иши туралуу төмөндөгүлөргө токтолду:
«Бул унаа жуучу жайга айыл өкмөт менен биргелешип шаар кылабыз деген ураан негизинде айылдын машиналары таза жүрсүн деп тазалыктын негизинде ачып атабыз. Ачканыбызга бир жыл болду. Эки бала иштейт азыр. Унаа жуучу жайдан түшкөн акчага дагы ишканаларды көбөйтүүнүн негизинде брусчатка оборудованияларды алып келгенбиз. Ошолорду ачалы деп үмүттөнүп жатабыз. Кыш мезгилинде жылуу суулар менен жуулат машиналар. Андан тышкары суроо талапка жараша иш кылабыз. Унаа жуучу жазда өзүнүн атайын септиги бар. Септигин атайын водовоздор бар. Ошолор менен сордуруп атайын таштанды төкчүү жайга сордуруп барып төгөбүз. Айылыбызды шаар кылабыз деген ураан менен көп ишканаларды ачабыз. Ушундай ишканалар көбөйө берсе».
Бул жайга кардарлар үзгүлтүксүз келет. Себеби Барскоон айылында жалгыз кана унаа жуугуч бар. Ушундан улам кардарлар көп. Ушундай кардарлардын катарын толуктаган Садича Конокбаева. Ал унаасын дайыма ушул жерге жуудураарын өз маегинде билдирди:
«Мени канагаттандырат. Анткени биз баары бир ушул жерге жуудуртабыз. Барскоон боюнча бир эле жерде бар. Мен үчүн баасы ыңгайлуу. Шаарга караганда айылда арзаныраак жууйт. Шаарда бир эсеге кынбат жууйт. Айылда ушундай унаа жуучу жайлар көп-көп ачылса деп ойлойм. Негизинен бизде бир эле унаа жуучу жай бар. Барскоон айылы чоң болгондуктан бизге ушундай унаа жуучу жайлар көбүрөөк керек. Унааны кирдешине жараша жуудуртабыз. Эми шаардан деле жуудуртабыз. Шаарга барып калган учурда, айылдан шаарга барып жуудуруш үчүн бензин куюшкерек, көп расход болуп калабыз. Кээде үйдөн деле жууйбуз».
Күнүнө болжол менен онго жакын кардарларды тейлеп келишет. Элдин баарына жагуу өтө эле кыйын. Бирок ага карабастан бул жай көпчүлүк кардарлардын купулуна толуп келет. Ишкер мырза өзү эле акча таап үзүрүн көтбөстөн, жаштарды да иш менен камсыз кылып келет. Алардын бири ушул унаа жуучу жайдын кызматкери Канат Таалайбек уулу өз иши туралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Менин бул жерде иштегеним ачылгандан бери иштеп келе жатам. Күн ысык болуп жаткандыгына байланыштуу сезон болуп жатат окшойт. Ошого байланыштуу он чакчы унааларды жууп жүрөбүз. Мындан тышкары биздин кардарлар килем, паластарды да алып келишет. Аларды да жакшынакай жууп беребиз. Эми алган маянабыз боюнча жакшы эле, жетиштүү болуп жатат. Эми бул жерге келген кардарлар ыраазы болуп рахматын айтып кетип жатышат. Жетекчибиз жактан көз карашыбыз абдан жакшы. Каээде өзү келип да биздин жумушутарыбызга жардам берип турат».
Сиздер Барскоон айылындагы жергиликтүү ишкерлердин иштери туралуу маалымат алдыңыздар. Сюжетти даярдаган Гүлкайыр Осмолналиева. Кийинки чыгарылышка чейин саламатта туруңуздар.