Ак-Талаа районунда мугалимдердин август кеңешмеси өтүп, ага 18 жалпы билим берүүчү орто мектептердин жана бала бакчалардын тарбиячылары, ошондой эле акимдин орун басары А. Сулайманов жана билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги катышты.
Иш чара расмий Мамлекеттик Гимн менен ачылып, райондук билим берүү бөлүмүнүн убактылуу башчысынын милдетин аткаруучу Чиркеев конференциянын катышуучуларын алдыдагы Эгемендик майрамы жана Жаңы окуу жылы менен куттуктады.
Андан соң өткөн окуу жылындагы жасалган иштер, жаралган ийгиликтер жана кетирилген кемчиликтер жөнүндө маалымат берди.

“2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгында райондун аймагында бир да мектептен “Алтын тамга” аттестатына татыктуу бүтүрүүчүнүн болбогондугу билим сапатынын төмөндөп кеткенинен кабар берет. Ошол себептүү коомдук өнүгүштөн артта калбай күн сайын билим жогорулатууну унутпайлы”, — дейт Б.Чиркеев.

Андан соң айрым мектептин өкүлдөрү жарыш сөзгө чыгып, жаш мугалимдерге кесибин сүйүүнү, балдардын келечегине олуттуу мамиле кылууга чакырышты жана кенешмени уюштуруучуларга кеңешмени өткөрүүнүн башка да формаларын издеп, натыйжалуу өткөрүү сунушун айтышты.


Ал эми акимдин орун басары А.Сулайманов кеңешме тууралуу: “Бул кенешмеде өткөн окуу жылы боюнча анализ жасалышы керек эле. Мен да жогоруда аткан сын-сунуштарды колдойм” деген пикирин билдирип, жергиликтүү бийликтин билим берүү тармагына көрсөтүп жаткан жардамдарыгна токтолду. Өз сөзүндө М.Базаркулов атындагы орто мектеби 11млн.300миң сомдук ремонттон өтуп жатканын, ал эми Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинде жакынкы аралыктарда 25млн.сомдук каражатка оңдоп түзөө иштери болорун кошумчалады.
Даярдаган: Г. Мамытбекова