Башталгыч класстар үчүн берилүүчү ысык тамак тууралуу ата-энелер жыйыны болуп өттү. Аталган иш-чарада башталгыч класстардын ата-энелерине бир жылдык отчёт берилди.
Эске салсак, 2015-жылы 6-мартта ПРООНдун колдоосу менен мектеп ашканасына балдар үчүн ысык тамак киргизүү долбоорун иштеп чыгышкан.

Өткөрүлгөн жыйында мектеп администрациясы жана ошондой эле ата-энелер комитетинин башчысы катышып, 1 жылдык отчёт берилди.
Бул тууралуу ата-энелер комитетинин башчысы Замира Усубалиева отчёттун жыйынтыгында мындан аркы пландар тууралуу сөз болгонун айтты.
«Дагы кандай каражаттар жетишпей, мындан ары кантип өнүктүрөбүз ушундай суроолордун жообун алуу үчүн кеңешме курдук», — деди өз сөзүндө Усубалиева.

Жыйналыштын соңунда ата-энелер өз пикирлерин айтышып, маселелерди чечүүгө макул болушту.
Айыл тургуну Зарина Кайыпова ата-энелер акча каражатын беришпегендиктен бул жыйналыш өткөрүлүп жатканын айтты.
«Кээ бир ата-энелер айтышты 200 сомдон чогултабыз дешип. Бирок 100 сомду төлөбөй жатышып 200 сомду кантип төлөшөт билбейм», — деп сөзүн аяктады Кайыпова.
Даярдаган: Элина Асанакунова
Сынак үчүн
Редактору: Найзабек Мукамбет уулу