Бишкек шаарында 14-май күнү өткөрүлгөн Республикалык мектеп окуучулар арасындагы воллейболл боюнча 47-спартакиадасында Баткен облусу биринчиликти багынтты. Баткен облусунун курама командасында Андарак айылындагы Манас орто мектебинин эки окуучусу да бар.
Манас орто мектебинин окуучулары Айтбаев Акылбек жана Юлдашев Анвар спартакиадада татыктуу оюн көрсөтүп Баткен облусунун курама командасын алдыга сүрөп чыгышты. Баткен курама командасынын калган оюнчулары Баткен шаарынан.
Айтбаев Акылбек республикалык спартакиада кандай жүргөнүн мындайча белгиледи.
“Мен өзүм биринчи жолу республикалык оюнда болдум. Албетте бул мен үчүн чоң сыймык болду. Оюн аябай кызуу өттү десем болот. Республикалык мелдеште албетте республикабыздын эң күчтүү деген командалары келди», — деп баяндады Акылбек.
Ал эми Юлдашев Анвар “албетте республикалык оюнда ойноп жатканда чоң толкундоолор болду» деп билдирди.
Андарак айылынын эки воллейболчусуна жол кире чыгымын Сумбула айыл өкмөтү каржылаган.
Даярдаган: Төлөнбай уулу Нурсейит
Сынак үчүн