Лейлек районуна караштуу Исфана шаарынын тургуну Камбаралы Турдубаев 40 жылдан бери кыргыз дөбөтүн сактап келет.
![IMG_2154[1]](http://sumbulafm.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/14/2016/05/IMG_21541-1024x613.jpg)
Камбаралы Турдубаев койлорду кайтарган кыргыз дөбөттүн өзү сактап калгандыгын айтат.
“Кыргыз дөбөттөрүн сактап калгандардын бири мен. Кыргызда кой кайтарган иттер аз санда. Ошону сактап келем. Карышкырга урушка чыга турган ушул ит. Тайган өтсө өтөт, бирок кем калбайт”, — деп айтат Турдубаев.
![IMG_2153[1]](http://sumbulafm.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/14/2016/05/IMG_21531-1024x613.jpg)
Кыргыз дөбөтүн Тажикстанга да алып барып таанытканын билдирет.
“Кыргыз дөбөтү күчтүү ит болгондуктан, Тажикстан, Өзбекстан боюнча кыргыз дөбөтү биринчиликти жана экинчи орунду алып келген», — дейт ал.
![IMG_2157[1]](http://sumbulafm.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/14/2016/05/IMG_21571-1024x613.jpg)
Даярдаган: Бекболот Назырбек уулу
Сынак үчүн