Токтоян айылындагы маданият үйү Абдынапык Осмонов агайдын эмгегинин аркасында салынган. Андан тышкары өз үйүндө китепканасы да калган.
Абдынапык атанын небереси Абдынапыкова Айдай чоң атасы тууралуу бизге айтып берди.
— Тасма айылында адабият жана кыргыз тил сабагынан берчү. Андан кийин Бозчук айылында директор болуп иштеди. Ушул эмгектин аягында эл агартуу орденине ээ болгон.
Андан тышкары атам санжыра изилдегенди абдан жакшы көрчү. Азыр изилдеген санжырасы бар. Анын бөлмөсү китепкана болуп турат. Ал жерден көбүнчө энциклопедиа окуганды жакшы көрөм. Азыр мен Осмонов Абдынапыктын кызы болгонума сыймыктанам. Азыр жок болгону өкүнүчтүү.
Абдынапык агайдын окуучусу мектеп директору Албанов Калык төмөндөгүчө өз оюн баяндап берди.
— Агай 1924-жылы жарык дүйнөгө келген. Анын атасы Осмон Мойноков партиалык советтик кызматкер болгон. Ал Дүйшөндүн мектебин көргөн. Ал жактагы эки бийик теректи көрүп, чогуу иштешкендерин айтып берген эле. Ал баардык кесиптин ичинен мугалимдик кесипти тандаган жана ал өз ишин сүйүп кылчу. Маданиат үйүн салдырып бергенине чоң рахматымды айтаар элем!
Редактор: Оңолбеков Дастан
Даярдаган: Нуриса Максат кызы
Сынак үчүн