Кара-Чий айылындагы Мамыткан Иманалиев атындагы орто мектепте таза суу чыгарылат.
Бул иш чара БУУнун алкагында жүргүзүлүп жатат. 2013-жылы 245 000 сомго ашкана үчүн муздаткыч, нан бышыруучу меш, электр жана газ плиталары алынып келинген.

Бул тууралуу мектептин директору Калыбек Касмалиев мындай деди:-«Биздин жалпы ата-энелердин, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен ашканабыздын ичине балдарга тамак бериш үчүн 40 орундуу стол стулдарды алып келдик. Азыркы күнү таза суу жоктугуна байланыштуу башталгыч класстарды сүт, айран, кампот менен жумасына беш күн тамак берип турабыз. Азыркы биздин эң биринчи болгон таза сууну чыгаруу үчүн буритеттирүү жолу менен суу чыгаруу аракетин көрүп жатабыз. Эгер таза суубуз чыгып калса окуучуларыбызды ысык тамак менен камсыз кылабыз».
Мектеп ашканасынын кызмытчысы Назира Мураталиева:-«Буга чейин сууну Он-Арча суусунан 150 метр алыс жерден ташып келчүбүз» деп билдирди.
Каныбек уулу Адамис 9-класстын окуучусу. Ал:-«Мектептен таза суу чыкса окуучулардын ден-соолугуна пайдалуу болмок» деген пикирин билдирди.
Таза сууну жаңы окуу жылына ишке берилет деди мектеп директору.
Даярдаган:Жаңыл Жантаева