Кара-Чий айылындагы М.Иманалиев атындагы орто мектебинде жемиш бактар тигилди. Билим берүү министирлиги тарабынан көмөкчү чарба түзүү максатында мектептин мугалимдери атайын окуудан өтүп келишкен. Ал окуудан топурактын составын,көчөт отургузуунун жана башка жер өздөштүрүүнүн бардык ыкмаларын үйрөнүп,жемиш бактардын көчөтүн жана капуста,помидор,шпинат,укроп жана башка уруктарын алып келишкен.
Бул тууралуу мектептин биология мугалими Мелис Жумалы уулу мындай деди:-“Алманын,карагаттын,өрүктүн жакшы сортторун беришти.Жана капуста, помидор, бадыраң, шпинат, укроптун да уруктарын беришкен. Бул 1 жылдан кийин капталынан бутактар чыгат. Туура кыйыштырса 3 жылдан кийин мөмө бере баштайт. Мектеп админстрациясы тарабынан чечилип тех кызматкерлерге тапшырылат. Өзүм да келип карап турам. Мектепте жакшы өстүрүп алсак айыл тургундарына да жемиш бактарын отургузуунун, багуунун ыкмаларын үйрөтөбүз”.
Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айзада Байсалова бактардын жаратылыш үчүн мааниси чоң деген пикирде:-“Жаратылыш үчүн бактардын мааниси абдан чоң. Бул глабалдуу маселе катары каралып жатат.”Түбөлүк атың калсын десең миң бак тик» дейт эмепи”.
Келечекте жемиш бактарын өстүрүп,айыл тургундарына таратуу пландаштырылууда.
Даярдаган:Индира Алмазбек кызы