Кара-Чий айылындагы Сагипа Чечейбаева атындагы маданият үйүндө ушул жылдын 24-апрелинде «Тарых жана маданият» жылына карата Жусуп Баласагындын миң жылдыгына арналган «Куттуу билим жан дүйнөгө жакшылыктын үрөнүн өндүрөт» деген темада көркөм окуу сынагы болуп өттү.
Бул сынакка 6-класстан 11-класска чейинки окуучулар ктышты. Катышуучулар өздөрүнүн чыгарган ырларын жана кыргыз элине таанымал акындардын ырларын көркөм окушту.
Бул тууралуу сынактын уюштуруучусу жана маданият үйүнүн жетекчиси Гүлнара Сулайманова буларга токтолду: «Сынактын максаты окуучуларды көркөм окууга үйрөтүү. Бул сынакка жалпысынан 12 окуучу катышты, мен ойлойм мындай сынактарды көп-көп уюштурсак мындан да окуучу катышат».
Белгилей кетсек 12 катышуучудан 3 катышуучу мактоо баракчасына жана ар кандай белектерге ээ болду.
Даярдаган: Аман Шаршенбек уулу