Сумбула айылынын негизги жолдору оңдолбой келет. Айыл өкмөттүнүн жер адиси Кошбаков Үсөн жолду асфальттоо планына киргенин, сентябрь айына бүтөөрүн айтат.

Сумбула айылынын жолдору оңдолобу?
— Сумбула айыл өкмөттү боюнча 1 жарым километр жол пландаштырылган. Сумбула айылынын конторасынан Андарактын центрге чейин, 1 километден ашыгыраак Көк-Таштын борбору пландаштырылган.

Качан жол асфальт болот?
— Планга киргизилген. Качан өкмөт жактан чечилсе, анан жол оңдолот.
Кайсыл айга ишке киргизилет?
— Азыр жамгыр жаап бүтсө иш башталышы керек. Оңдоо күн ачылгандан кийин башталат. Орто эсеп менен эки айдын аралыгында бүтөт. Сентябрь айына даяр болот.
Учурда жамгыр көп жаап, негизги жолдо сел жүрүп, жол шагал болуп калат. Ушул боюнча каралдыбы?
— Сумбула айыл аймагы боюнча бул туралуу иш жүрүп жатат. Жамгырдан алдын кум салынып, оңдоо иштери жүргөн. Бирок асфальт болгон эмес.

Оңдоодо ким тарабынан жардам берилет?
— Бул боюнча ӨКМнин адамдары келип, мониторинг жүргүзөт экен. Орчундуу жерлерин ӨКМнин адамдары келип, өкмөттүн күчү менен аткарылат.
Оңдоого канча каражат кетет?
— Орто эсеп менен 150 миң сом сарпталат.
Даярдаган: Камбар Асан
Сынак үчүн